НАТО Путиндин сөздөрүнө жооп берди

268
0

НАТО Путиндин сөздөрүнө жооп берди

 НАТО Орусия президенти Владимир Путинндин билдирүүсүнө жооп берип, альянска карата айтылган коркунучтарды туура эмес жана натыйжасыз деп атады. НАТОнун ракеталарга каршы коргонуу түзүмү Орусияга каршы каратылган эмес. Бул тууралуу НАТОнун расмий өкүлү Оана Лунгеску билдирди.

 1-мартта Путин парламенттеги кайрылуусунда Орусиянын карамагында болгон жаңы стратегиялык куралдар тууралуу маалымат берген. Путин ушул куралдар АКШнын ракеталарга каршы коргоо түзүмү менен НАТОнун чыгышка кеңейишин ийгиликсиздикке учурата турганын айткан.

 “Биз президент Путиндин 1-марттагы кайрылуусу менен тааныштык. Орусиянын бута катары НАТО союздаштарын тандаган баянаты туура эмес жана натыйжасыз. Биз альянстын ракеталарга каршы коргонуусу Россияга каршы каратылбаганын бир нече ирет түшүндүргөнбүз. Биздин түзүм Евро-Атлантиканын сыртынан атылган баллестикалык ракеталардан коргойт”,- деди Лунгеску.

 Лунгескунун ырасташынча, НАТО “суук согуш менен жарыша куралдануунун кайталанышын каалабайт”.

 Буга чейин Москва да Орусия жарыша куралданууга кирбей турганын жана анын жаңы куралдары кол салууну каалабагандарга кооп туудурбашын айткан.

Түркистон:

Путиндин Орусиянын ички саясий, экономикалык, сакафий тармактарынын биринде да мактана турган ийгиликтери жок. Тескерисинче, бул тармактардын баары кризистик абалда турат. Ошондуктан, саясий эксперттер Путин келерки шайлоонун алдындагы кампаниясын сырткы кооп-коркунучтарга каратат деп анализ беришүүдө.

Бирок, Орусияга тышкы кооп-коркунучтар ар дайым эле табыла бербейт. Ошондуктан, Путин атайын каражаттарды сарптап, Сирияга бастырып кирди. Украинанын жарымын тартып алмакчы болуп, ал жерде да согуш майданын пайда кылып алды. Эми НАТО блогу менен Орусиянын ортосунда атайын аскерий коркунуч пайда кылмакчы. Путин сыяктуу бийлигин сактап калуу үчүн мамлекетти мынчалык кордогон диктаторлор тарыхта өтө аз.

АКШнын ролу жана позициясы: Путиндин бул аракеттери АКШнын кызыкчылыгына дээрлик туура келет. Тагыраагы, АКШ НАТО блогу аркылуу Евро Биримдикти аскерий жактан өзүнүн таасиринде кармап турат. Демек, НАТО менен Европага карата Путиндин коркунучу, АКШнын региондогу аскерий позицияларын гана бекемдейт. Путин Орусияны, АКШ үчүн кудум Түндүк Корея сыяктуу, аймактарда АКШнын аскерий жана саясий позицияларын бекемдөөнү кепилдей турган, жасалма коркунуч пайда кылып туруучу мамлекетке айландырып бермекчи. Путин өзүн АКШга ушундай кызыкчылыктуу белек тартуулоо менен шайлоодон утуп чыкмакчы!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here