Казакстандын тышкы карызы 168,9 миллиард долларга жетти
Казакстандын Улуттук банкы өлкөнүн тышкы карызынын суммасы акыркы 10 жылда 74,6 миллиард долларга көбөйүп, 168,9 миллиард долларды түзгөнүн билдирди. Банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, республиканын бересеси негизинен чет элдик компаниялардын филиалдары тарабынан мунай-газ долбоорлорун ишке ашырууга байланыштуу өскөн (+76,7 млрд доллар).
О.э өкмөттүкү (+10,8 млрд. доллар) жана экономиканын каржылык эмес сектору (+26,2 млрд. долларга) өскөн.
Түркистон:
Казакстан Орусия, АКШ, Кытай жана Европа мамлекеттеринен экономикалык жардамдарды алып турат. Орусия менен болгон чегаралар дээрлик алып ташталган. ЕАЭБге мүчө болгондуктан, чегаралары Орусиянын көзөмөлү астында. Калктын жашоо деңгээли жогорулаган сайын Казакстандын экономикасы алсырашы мүмкүн. Мунун себеби, Казакстан экономикасы чоң мамлекеттерден келе турган инвестиция жана жардамдарга негизделгенине байланыштуу. Демек, Казакстан экономикасы дүйнө системасынын туруктуулугуна, экономикалык жана саясий кризистерден оолак турушуна байланыштуу. Тескери абалда казак өкмөтү бюджет тартыштыгын жабууга алсыздык кылышы анык. Эл аралык саясат Казакстан сыяктуу мамлекеттердин бюджет тартыштыгын мамлекет жетекчисинин саткындыгы эсебинен толтуруп турат.
Себеби, бул жардамдар келбей калса, мамлекеттин үстүндөгү көйгөйлөрдү өздөрү чечүүгө мажбур болот. Ошондо ар бир колонизатор мамлекет өзүнөн чыга турган чийки заттарды кайта иштетүү үчүн оор өнөр жайды жолго коюуга киришет. Ошондуктан, дүйнө экономикасын глобалдаштырган үлкөн капиталисттер а түгүл, саясий жактан келише албай турган мамлекеттердин да бюджет тартыштыгын толтуруп турушат. Бирок, карызга батырып алып, бечара, алсыз мамлекеттерге басым өткөрүшөт. Башкача айтканда, Кыргызстан сыяктуу абалга кептеп, тагыраагы, өнөр-жайы өнүкпөй калган деңгээлге түшүрүп алып, карыздарын талап кылуу аркылуу басым өткөрүшөт. Түпкүлүгүндө, капиталист колонизаторлор аралашышпаса, алынган карыздардан кутулуу өтө жеңил. Мунун чечими бир гана оор өнөр жайды өнүктүрүүдө.