Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды

279
0

Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды

 Бишкек шаарында 8-февраль күнү болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш алып баруучу бардык мекемелерди сынга алды.

 Жээнбеков коопсуздук, күч органдары, прокуратура жана соттордун өздөрү коррупцияга аралашып калганын айтып, мындай көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүүгө жана колу таза болбогон кызматкерлерден баш тартууга чакырды.

 Сооронбай Жээнбеков УКМК алдындагы антикоррупциялык кызматынын (АКС) ишин жемишсиз жана сапатсыз деп баалады. Ошондуктан,  иштин форматы өзгөртүлүшү керек экенин талап кылды. О.э ар бир кызматкер ээлеп турган абалына татыктуу же татыктуу эмес экенин үйрөнүп чыгылаарын билдирди. Өлкө башчы соттордун,  укук коргоо органдарынын, башка жетекчилердин да үстүнө түшкөн ар бир олуттуу арызды өз көзөмөлүнө алаарын айтып өттү.

 Жээнбековдун ырасташынча, “уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн ийгиликсиз болуп жатышынын башкы себеби – коррупция. Кылмышкер топторго каражаттарды укук коргоо органдары, соттор, таасирдүү адамдарды аралаштырбай жеткирүү мүмкүн эмес”.

 Расмий маалыматка таянсак, Акыркы 2 жыл ичинде укук коргоо органдары тарабынан 76 миӊден ашык кылмыш иши козголгон. Анын ичинен болгону 30 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Козгологон кылмыш иштеринин 12 пайызы боюнча гана кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылган

Түркистон:

Кыргызстанда коррупциялык иштер дээрлик өкмөттүн көзөмөлү астында. Мындан тышкары сот, мамлекеттеги кылмышкерлер түзүмү, улутчулдук, “мээлүн Исламчылар”, а түгүл, теңирчи мушриктер да мамлекеттин көзөмөлүндө. Мындай абалды жаңы келген президент Жээнбеков да жакшы билет.

Мамлекет өзүнө моюн сунган бардык кылмыштуу тармактарды коопсуздук кызматы, прокуротура, сот жана орган кызматтары аркылуу бекем кармап турат. Учурда, мамлекеттин кубаты, көзөмөлдүн кепилдиги болгон сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, а түгүл күч органдары да президентке моюн сунбайт. Жээнбеков түпкүлүгүндө ушул абалга ыраазы болгону үчүн Атамбаев режими тарабынан шайланган. Бирок, анын көз алдында болуп жаткан кылмыштуу иштер жана өзүндөгү алсыздык, табигый түрдө окуяларга аралашууга мажбурлап жатат. Тагыраагы, бардык акы-укуктар, мыйзамдык мүмкүнчүлүктөр анын колунда болсо дагы көз алдында анын жакындарына карата коррупциялик түзүм зулумдук кылууда. Мындай абалда, арыздар түшсө дагы жашыруун буйрук менен көңүл бурбоого мажбурланууда. Эми ушундай абалдын кимге кереги бар!

Жээнбеков жогорудагы сөздөрүн режимге карата айтты. Чындыгында бул режим коррупцияга каршы коррупция жолу менен күрөшүп жатат. Бул режим, өздөрүн коргоп жаткан бийликти жашыруу үчүн алсыздарды жазалап жатат! Бир аялдын телефонунан Салахуддин Айюбийдин ролун аткарган киноактёрдун сүрөтү чыгып калганы үчүн аны кылмыш жоопкерчилигине тартууда! Мунун каршысында, мамлекетке миллиарддаган зыян жеткирип колго түшкөндөрдү чет элге качырып жибере турган кылмышкер режимге айланды! Жээнбеков булардын баарынан кабардар! Ал ушул күнгө чейин, а түгүл азыр да ушул режимдин токмогу астында жашап, аларга кызмат кылып келүүдө!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here