Жеймс Жеффри: Эрдогандын өзү уруксат берди
АКШ өкмөтү ИШИМге каршы күрөш шылтоосу менен “Сирия демократиялык күчтөрүнө” ушул күнгө чейин 4900 жүк унаасы менен курал-жарак жана бир нече аскерий учактарды жеткирип берген. Түркия өкмөтү АКШнын бул аракетине расмий түрдө каршылыгын билдирип келет. Айрыкча, АКШнын “Сирия демократиялык күчтөрү” менен кызматташтыкта “чегаралар коопсуздугу күчтөрүн” түзүү тууралуу соңку аракети Түрк расмийлеринин кескин баянаттар менен чыгуусуна себеп болду.
Бирок, АКШнын Түркия боюнча мурунку элчиси Жеймс Жеффри “Сирия демократиялык күчтөрүн” колдоп-кубаттап жаткан АКШнын учактары Түркиядагы аскерий базалардан учушуна, Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдогандын өзү уруксат берип жатканын маалымдады. Мурунку элчи бул тууралуу АКШдагы “Түшүнүк” уюмунун тышкы алакалар боюнча кеңешиндеги Түркия-Америка мамилелери, Түркиядагы ички өзгөрүүлөргө байланыштуу азыркы маселелерге арналган жыйында айтып өттү.
“Америка ИШИМге каршы күрөштө ПККга (күрд жумушчулар партиясына) байланыштуу топту колдоп-кубаттоодо. Түркия ар күнү буга каршылыгын билдирүүдө. Бирок, бул топту колдоп-кубаттап келе жаткан учактар Түркиядагы аскерий базалардан учууда. Эрдогандын өзү ар күнү буга уруксат берүүдө”,- деди мурунку элчи.
Жеймс Жеффри Түркияда демократияга байланыштуу терс маселелерге карабай, учурдагы кыйын доордо эки мамлекет ортосудагы өз ара кызматташтык абдан маанилүү экенин билдирди. Жеффринин билдиришинче, Түркиянын географиялык жактан жайгашуусун жана аскерий мүмкүнчүлүктөрүн этибарсыз калтыруу мүмкүн эмес.
“Дүйнө туш келип турган мындай кыйын абалда союздаштарга абдан муктажбыз. Украинадан Түштүк Кытай деңизине чейин, Түндүк Кореядан Сирияга чейинки дүйнөнүн абалына караңыздар. Бул аймактын геостратегиялык жактан абдан начар абалга түшүп калганын көрөсүз. Бул абалдан кутулуу үчүн Түркия көп тараптан мааниге ээ. Бул мамлекетте көптөгөн маселелерге карабастан, башка мамлекеттерге салыштырмалуу Түркия бекем өлкө. Түркиянын географиялык жактан жайгашуусуна жана аскерий мүмкүнчүлүгүнө караганыбызда, Жакынкы Чыгыш жана Кара деңизде андан бөлүнгөн абалда иш алып баруу мүмкүн эмес”,- деди Жеффри.