Нурсултан Назарбаев АКШ менен жети миллиарддык келишимге кол койду.

309
0

Нурсултан Назарбаев АКШ менен жети миллиарддык келишимге кол койду

 АКШ Казакстанга космостук изилдөө өткөрүү маселеси боюнча эл аралык форумга катышууну сунуштады. Бул тууралуу эки мамлекет жетекчилери жолугушкандан кийин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин маалымат кызматы кабар берди.

Кабарга ылайык, эл аралык форум 2018-жылдын 3-мартында Японияда өткөрүлөт.

 “АКШ Казакстанды 2018-жылдын 3-мартында Япониядагы космостук изилдөө маселелери боюнча өткөрүлө турган 2-эл аралык форумга катышууга чакырат”,- деп айтылат кабарда.

 Казакстан менен АКШ табигый чөйрөдөгү коркунучтарды баалоо үчүн космостук технологиялардан пайдалануу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгат.

            “Казакстан эл аралык космостук станцияда иш алып барып жаткан америкалык астрономдордун учуп кайра аман-эсен конуп кайта турган пункту болуп эсептелет. Кошмо Штаттар муну кубануу менен белгилеп өтөт”,- деп айтылат маалымат кызматынын башка кабарында.

 Назарбаевдин АКШга болгон сапары казак маалымат булактарында “тарыхый сапар” деп бааланууда. Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Касим-Жомарт Токаев өзүнүн  твиттер баракчасында “АКШ Казакстанды ашыкча сылыктык менен кабыл кылды”,- деп жазган.

 “Казакстан эл башы АКШга болгон расмий сапары учурунда инвестициялык, соода-экономикалык кызматташтык боюнча 20 документке кол койду. Жети миллиард долларга жакын бул каражат авиация, космостук изилдөөлөр, нефти-химиялык тармагын, айыл-чарба тармагын, а түгүл ички системаны жакшыртуу долбоорлорун ишке ашырууга каратылган”,- деп айтылат кабарда. Жолугушуу учурунда Назарбаев менен Трамп Түндүк Кореянын айланасындагы кырдаалды да талкуулашкан.

 Казакстан президенти АКШ менен Россиянын дипломатиялык мамилелеринде болуп жаткан салкындыктан тынчсызданып жатканын билдирген. Ал бирдиктүү аракеттер гана Түндүк Корея өкмөтүнүн ядролук программасын өнүктүрүү туурасындагы чечимине таасир көрсөтө турганын белгиледи.

 “Түндүк Корея маселесин АКШ, Кытай жана Россия тарабынан боло турган кызматташтыктагы аракеттер менен жөнгө салуу мүмкүн”,- деп билдирди Нурсултан Назарбаев.

 Назарбаев эки мамлекет ортосундагы виза тартиби маселесин да көтөрдү. 2015-жылда Казакстан АКШ жарандары үчүн кыска мөөнөттүү визасыз программасын жарыялаган. АКШ болсо казак жарандарына он жылдык ишкердик жана туристтик визаларын бере баштаган. Назарбаев АКШ казак жарандарына визасыз тартип киргизээрине үмүт артаарын билдирди.

 Мамлекет башчылары мындан тышкары эки мамлекет ортосунда болгон кызматташтыкта жетишилген ийгиликтер туурасында пикир алмашышты.

 Трамптын президенттик мөөнөтүнүн бир жылдыгы менен куттуктаган Назарбаев, Трамп тарабынан өткөрүлгөн экономикалык өзгөрүүлөргө баа берип, кудум ушундай тажрыйба 5 жыл мурун Казакстанда өткөрүлгөнүн айтты.

 Дональд Трамп, өз кезегинде Казакстанды экономикасы өнүккөн алдыңкы 30 мамлекеттин тизмесинен көрүү тилегин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here