Биткоиндин шаръий өкүмү

342
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Ҳизб ут-Таҳрир амири аалым Ато ибн Халил Абу Роштанын фейсбук баракчасындагы коноктор берген суроолорго жооптор (фикхий)

Wisam Al-Haninny‎‏ жана «SchukranJaan» тарабынан берилген суроого жооб

Биткоиндин шаръий өкүмү

SchukranJaan:

Bismillahir-rahmanir-rahim,

Dear honourable Shaikh.

We hope this finds you in best health.

We are greeting you with the warmest and most noble of all greetings:

Assalamualaykumwarahmatullahiwabarakatuhu.

A brother and me were talking about the hukm regarding the buying and selling of crypotcurrencies like bitcoin, ethereum, dash, ripple etc.)

We both read the ijtihad by Ustadh Abu Khaled al-Hejazi but we weren’t quite content with what the shaikh had deduced.

We have some problems with how the shaikh analyzed the reality of cryptocurrencies and the comment section under the article too is filled with brothers disagreeing and discussing about how the tahqeeq al-manaat was not completely correct.

We would like to know the hukm regarding selling and buying of cryptocurrencies.

Could you bring light into this subject, because it still doesn’t seem clear for us.

Wajazaakumullahukhairan

May allah strengthen us all on his path and let us be the reason for the re-establishment of the bearer of light in this world, the khilafah on the method of the prophethood.

Ameen

Wisam Al-Haninnyнинг:

Ассаламу алайкум, сиздин ишиңиз көп болуштугу себептүү менин суроомо жооп берүүгө убакытыңыз жетпейт деп ойлом.

Ошентсе да менде тез арада жооп ала турган суроо жаралып жатат. Айрыкча, акыркы учурларда мусулмандардын арасында сезилээрлик деңгээлде таралып жаткан нерсе тууралуу.

Суроо: Биткоин акча бирдиги 8 жыл мурда чыгарылган. Азыр болсо бир биткоиндин баасы 8000 долларга чыкты. Мен аны иштетүү вакыйын караштырганымда анын доллар менен болгон алакадан эч кандай айырмасы жок экендигин көрдүм. Болгону доллар материалдык нерсе, ал эми биткоин колго кармала турган нерсе эмес электрондук акча экен. Төмөнкү жактамалардын негизинде шарий өкүмдү баяндап берсеңиз:

  • Аны сатуу жана сатып алуу алакасы;
  • Бул жаңы пайда болгон акча болгондуктан аны пайда кылуу жолу кандай болот;
  • Биткоин менен башка акча бирдиктеринин ортосундагы айырбаштоо алакасы кандай болот?

Эгер, кааласаңыз ютуб аркылуу анын вакыйын дагы кеңири айтып берүүгө даярмын. Бирок менин оюмча мунун вакыйы сизге маалым болсо керек. Рахмат.

Жооб:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллоохи ва барокаатуху.

Биткоин тууралуу суроого 2017-жылдын 28-мартында жооп берген элек. Ошол жооптун мазмунунун кайра сунуштайбыз:

«Биткоин бул акча бирдик болуп саналбайт. Анткени, ал акча бирдигинин шарттарына жооп бербейт. Башкача айтканда, Пайгамбар A бекиткен динар, дирхам жооп бере турган шарттарга жооп бербейт:

  • Акча кызмат жана товарларды айырбаштай турган өлчөө, башкача айтканда, аны менен товардын баасы жана айлык акылар белгиленүүчү бирдик;
  • Акча белгисиз эмес, белгилүү бир мамлекеттик бийлик тарабынан чыгарылат;
  • Акча бир ууч адамдардын арасында эле эмес, бардык адамдардын арасында жайылган болушу керек.

Ушул шарттар биткоинге коюла турган болсо, ал бул шарттарга жооп бере албастыгы айкын болот:

  • Ал кызмат жана товарларды айырбаштай турган өлчөө боло албайт. Балким ал чектелген товар жана кызматтарды айырбаштай турган нерсе;
  • Ал белгилүү бир мамлекеттик бийлик тарабынан чыгарылбайт, балким булагы белгисиз тараптан чыгарылган нерсе;
  • Ал баардык адамдардын арасында жайылган эмес, балким кээ бир адамдардын ортосунда гана алмашылып жаткан нерсе. Башкача айтканда, ал коомдун ар бир мүчөсү үчүн эмес.

Ушуга негизделип шарий тараптан Биткоин акча бирдиги болуп саналбайт.

Ошондуктан, Биткоин бул товардан башка нерсе эмес. Бирок бул биткоин товары чыккан жер белгилүү эмес. Анын кепилдиги да жок. Ошондой эле бул алдамчылык, чайкоочулук көп иштетиле турган орун болуп саналат. Ошол себептен аны сатуу жана сатып алуу шарий жактан жайиз эмес. Айрыкча анын чыгарылган жери белгисиз болгондуктан, ага карата көп күмөндүү ой жаралат. Айрыкча, биткоиндин чыккан жери ири капиталисттик өлкөлөрдөн алыс эмес, өзгөчө Америкадан алыс эмес деген күмөндүү ойлорду жаратат. Же ири капиталистик мамлекеттер менен байланышы бар өз көмөчүнө күл тарткан бир ууч адамдар тарабынан чыгарылат. Же эл аралык ири компаниялар тарабынан кумар, баңги заттарды сатуу, акчаны алдоо менен тартып алуу, уюшкан кылмыштуу топтор үчүн чыгарылган деген күмөндү жаратат. Эгер мындай болбосо, анда эмнеге анын чыгарылган жери белгисиз бойдон калууда?!

Корутунду:

Биткоин чыгарылган жери белгисиз болгон товар жана анын кепилдиги да жок. Чайкоочулук, алдамчылык иштетиле турган орун болуп саналат. Ушундай айла-амалдарды иштетүү аркылуу адамдардын байлыгын талап тоноого каратылган колонизатор каапыр мамлекеттердин, айрыкча Америка таасирин күчөтүүчү орун болуп саналат… Ошондуктан шарий далилдин негизинде аны сатууга жана сатып алууга болбойт. Анткени, шарият белгисиз нерсени сатуу жана сатып алуудан кайтарган. Ал далилдер төмөнкүлөр:

  • Муслимдин сахихинде Абу Хурайра Gдан риваят кылынат:

«نَهَى رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم عَنْ بَيْعِ الْحَصَاةِ، وَعَنْ بَيْعِ الْغَرَرِ»

«Расулуллах A Хасоот (ташты ыргытып түшкөн жерине чейин) кылып сатуудан жана гарар (белгисиз) нерсени сатуудан тыйды».

Тирмизи Абу Хурайра Gдан риваят кылды. «Хасоот соодасынан» мисалы, мен бул кездемелерди мен ыргыткан таш кайсы жерге түшсө, ошо жерге чейин сага сатам десе же мен ыргыткан таш кайсы жерге барып түшсө ошо жерге чейин сага сатам деген сыяктуу. Бул сатылып жаткан товар белгисиздикти жаратып жаткандыгы үчүн ага тыюу салынган». «Гарар соодасынан» мисалы, көлдөгү балыкты, же эмчектеги сүттү, же туула элек курсактагы жандыкты, же ушалар сыяктуу нерселерди сага саттым десе бул нерсеге да шарият тарабынан тыюу салынган. Анткени, ал белгисиз нерсе.

Ушундан маалым болгондой гарар соодасы арам. Анткени, ал белгисиздикти жаратып жатат. Ушул нерсе биткоиндин да вакыйына дал келет. Анын чыгарылган жери белгисиз болгон товар. Аны эч бир расмий тарап чыгардык деп кепилдикти мойнуна алган эмес. Ошондуктан, ал кепилдиксиз дагы. Ушуга негизделип аны сатуу жана сатып алуу шарий тараптан жайиз эмес».

 

Бурадарыңар Ато ибн Халил Абу Рошта

                                                                                                        30робиул-аввал, 1439-х.

                                                                                                                 18декабрь, 2017м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here