БУУ Крым боюнча резолюцияны макулдады
БУУнун башкы ассамблеясы Россия тарабынан аннексияланган Крымда адам укуктары сакталбай жатканы туурасындагы жаңыланган резолюцияны макулдады. Бул тууралуу Украинанын БУУдагы өкүлчүлүгү “твитер” аркылуу кабарлаган. Аталган документке 70 мамлекет “макул”, ал эми 26 мамлекет “каршы” деген добуш берип, 76 мамлекет бейтарап калган.
Резолюцияда адам укуктары бузулуп жатканы о.э. “Крымда Россия Федерациясынын мыйзамдары, юрисдикциясы жана башкаруусу мыйзамсыз түрдө” орнотулгандыгы караланган. Документте Россия “баскынчы держава”катары сүрөттөлүп, Крымдын аннексиясы тан алынбаган.
Документте Россияга Крым калкына карата бардык мыйзам бузууларга жана адам укуктары бузулушуна чек коюу, “өзүм билемдик менен камакка алуу, кыйноо жана башка мамилелерди ” токтотуу о.э. “бардык кемсинтүүчү мыйзамдарды жокко чыгаруу ” чакырыгы бар.
О.э. Россия БУУнун эл аралык сотунун Крымда Украина жарандарынын укук жана эркиндиктерин калыбына келтирүү туурасындагы чечимин аткаруу, Крым татарлары Межлисин экстремисттик уюм деп жарыя кылган токтомду жокко чыгаруу жана Крымга БУУнун адам укуктары боюнча мониторинг миссиясын киргизүү талаптары да бар.
Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин резолюцияны кабыл алуу жараяны “оор болгонун” баса белгиледи.
Климкин резолюцияны колдоп добуш бергендерге ыраазылык билдирип: “Россияга басым күчөдү”, – деди.
Сентябрдын аягында БУУ жаңы отчёт кабыл алган эле. Анда Россия тарабынан аннексия кылынган Крымда адам укуктары жаатындагы абал өтө начарлап кеткендиги баса белгиленген.