Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды
Казакстандын борбору Астана шаарында Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн 8-айлампасы башталды. Россия, Түркия жана Ирандын делегациялары анын алкагында техникалык жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Кабарда келишинче, Астана сүйлөшүүлөрүнүн 8-айлампасы эки күнгө созулат. Башкача айтканда, 21-22-декабрь күндөрү болуп өтөт. Мында бейшемби күнү катышуучулар ортосунда түрдүү формадагы жолугушуулар болуп, жума күнү негизги жыйын уюштурулат.
Сүйлөшүүлөрдө Россия делегациясына РФ президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, түркиялык делегацияга Түркия тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал, ал эми ирандык делегацияга Ирандын тышкы иштер министринин орунбасары Хусайн Жабарий Ансарий башчылык кылууда. Жолугушууга Сирия өкмөтүнүн жана оппозициясынын өкүлдөрү катышат. О.э. байкоочу мамлекеттер – АКШ менен Иорданиянын делегациялары да катышат.