Дастан Жумабеков Шавкат Мирзиёев менен жолукту

332
0

Дастан Жумабеков Шавкат Мирзиёев менен жолукту

21-декабрь күнү Жогрку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Өзбекстан президенти Дастан Жумабековду төрага болуп шайланышы менен чын дилден куттуктап, Кыргызстандын парламенттик делегациясынын сапары үстүбүздөгү жылы Ташкент жана Бишкек шаарларында болуп өткөн жолугушуулардын уландысы экендигин баса белгиледи.

Жолугушууда Өзбекстан жана Кыргызстан парламенттери ортосундагы кызматташтыкты жандандыруу маселесине өзгөчө басым жасалды.

Жогорку деңгээлдеги сапарлардын алкагында түзүлгөн келишимдер, ошону менен бирге, Өзбекстан республикасынын Олий Мажлиси менен Кыргызстан республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосунда кол коюлган меморандумду ишке ашыруунун алкагында биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүп жатканы айтылды.

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусуна жана меймандос мамилесине ыраазылык билдирди.

Кыргызстандын Өзбекстан менен достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин дагы өнүктүрүү жана бекемдөө жолундагы кызматташтыкка даяр экендиги баса белгиленди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here