“Коопсуз аймакта” акыркы бир аптанын ичинде 82 жай тургун өлтүрүлдү
Сирияда “Коопсуз аймак” деп белгиленген о.э. анын коопсуздугуна Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери кепил болгон Чыгыш Гутада өткөн аптада эле жай тургундардан 82 адам лгөн. Сирияда жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматтарга ылайык, ал адамдар Асад режиминин ракета жана бомба чабуулдары себептүү өлгөн.
Бирок, Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери Сочи саммитинде Сирияда түзүлгөн “Коопсуз аймак” бир топ натыйжалуу болгондугун баса белгилешти. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин, Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган жана Ирандын Хасан Роухани Сочи саммитинин жыйынтыгы боюнча ортоктош билдирүү берген учурда айтышкан.
Билдирүүдө, Астана жолугушуусу себептүү Сириядагы абал сезиле турган көрүнүштө жакшыргандыгы, адамдардын азап тартышы жеңилдегендиги, качкындар агымы токтогондугу жана качкындар үйлөрүнө кайтып келиши үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгү баса белгиленди.
Айрыкча, Сириядагы террорчу (Шарияттан башкасына ыраазы болбой турган) топторду жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө жетишилгендиги о.э. Россия, Түркия жана Иран “террорчу” топторду аягына чейин жок кылуу үчүн кызматташуу боюнча келишип алгандыгы айтылды.
Жетекчилер жыйындан кийин берген ортоктош билдирүүдө, Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери Сирияда “Коопсуз аймак түзүү” боюнча иш-аракеттерди уланта тургандыгын билдиришти. О.э. Астана жолугушуусу жана анда жетишилген “утуштар” Сирияда тынчтык жана туруктуулукту камсыздоодо ийгиликтүү каражат болгондугун баса белгилешти. А бирок, ал жерде Асад уюштуруп жаткан кыргындар тууралуу сөз кылышпады.