Атамбаев: ЕАЭБге үмүт артып, өзүбүздү алдабайлы
Алмазбек Атамбаев 12 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алып жатып: “Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине өтө эле көп үмүт артып алган эле”, – деди.
“Тилекке каршы кыргыз-казак чек арасындагы абал биздин ЕАЭБге өтө эле көп үмүт артып алганыбызды көрсөттү. Албетте, келечекте деле Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп кала берет. Бирок акыркы кырдаал бизге экономикалык өнүгүүдө өзүбүздү алдап, ЕАЭБге өтө эле ишене бербешибиз керектигин далилдеп жатат. Себеби, бир адамга көз каранды болгон союз эч качан ишенимдүү болбойт”, – деди Атамбаев.
Атамбаев өкмөткө жана ишкерлерге альтернативдүү базар катары Өзбекстан жана Кытайдын рыногун иликтөөнү сунуштады. Өндүрүш товарларын болсо Россияга темир жол менен жеткирүүнү сунуштады.
Туркистон:
Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуунун алдында Кыргызстанды ушундай натыйжа күтүп тургандыгы анык эле. Бирок, Кыргызстан бийлиги мамлекетти ЕАЭБге алып кирүүдө да, Россия тараптан даярдалган жол картасын тастыктоодо да элдин пикирин эсепке албады. Бийликтеги бир ууч чиновниктерден башка эч ким, ал тургай депутаттар да көрүшпөгөн болсо да, жол картасы тастыкталып, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болду.
Элдин каалоосуна каршы барып, мамлекетти ЕАЭБге алып кирген өлкө жетекчилиги бул кадам ийгилик алып келишин, ЕАЭБге киргенден кийин Россия жана Казакстан менен сооданын көлөмү көбөйүшүн убада кылган эле. Иш жүзүндө мунун тескериси болгондугун убакыт көрсөтүп жатат.
ЕАЭБге мүчө болуунун зыяны көпкө күттүрбөдү. Биримдикке мүчө болгондон көп убакыт өтпөй эле он миңдеген адамдарды жумуш менен камсыздаган “Дордой”, “Кара-Суу” базарлары кризиске дуушар болду. Кыргызстан экономикасынын неизи болгон реэкспорт төмөндөп кетиши себептүү мамлекеттик бюджеттеги дефицит жылдан-жылга көбөйүп барууда.