Мураскор шахзада: Саудияда радикалдык Исламга чек коёбуз!

327
0

Мураскор шахзада: Саудияда радикалдык Исламга чек коёбуз!

Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салман Саудия бийлиги радикалдык Исламий пикирлерди тезинен жок кылып, 1979-жылга чейин болгону сыяктуу “муътадил (мээлүүн) Ислам” кайта тургандыгын билдирди. Салман бул тууралуу Эр-Риядда 60 мамлекеттен 2500 адам катышкан “инвестиция келечеги” форумунда айтып өттү.

Мамлекетте аялдардын машина айдоосуна уруксат берилгени сыяктуу акыркы кездерде жүз берген өзгөрүүлөр боюнча берилген суроого ибн Салман: “Саудия 1979-жылга чейин мындай эмес эле. Бир нече себептерден улам, 1979-жылдан кийин Саудия жана бүтүндөй региондо ойгонуу долбоору жайылды”,  – деп жооп берди.

Салмандын айтымында, ал “зыяндуу” деп сүрөттөгөн идеялар 1979-жылдын баштарында “диний ойгонуу” долбоорунун алкагында Саудияга кирип келе баштаган.

Саудиядагы жаштардын 70 пайызы 30 жашка чейинкилер экендигин жана жашоонун калган 30 жылын радикалдык идеялар менен алектенип  жоготуп албастыгын билдирген ибн Салман, Саудия акыркы кезде анык кадамдарды таштагандыгын жана жакын арада радикализмди жок кылышын кошумчалады.

“Үрп-адат жана каада-салттарыбызды чагылдырган толеранттуу динибизге амал кылып жашоону каалайбыз. Дүйнө менен бирге жашап,мамлекетибиздин жана дүйнөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну каалайбыз”. “Биз мурда болгону сыяктуу эле, бүт дүйнөгө, каада-салттарга, калктарга жана диндерге ачык болгон муътадил Исламга кайтып жатабыз”, – деди шахзада.

Саудияда жакында бир катар чечимдер кабыл аалынып, биринчи жолу мамлекетке караштуу маданият каналы аркылуу концерт коюлган эле.

Туркистон:

Куфр дүйнөсү мусулмандарды Исламдан чалгытуу максатында “экстремисттик Ислам”, “радикалдык Ислам”, “муътадил Ислам”, “салттуу Ислам” сыяктуу терминдер менен Исламды өздөрү каалаган калыпка салмакчы болууда. Бул аркылуу, турмуштук иштерди башкарууга тиешелүү саясий түзүмү о.э. ахлакий, социалдык жана экономикалык чечимдери менен дүйнөдөгү ар кандай түзүмдөн артык болгон чыныгы Исламды жок кылып, анын ордун башкаруудан четтетилген, Батышка ыктаган “чала Ислам” менен толтурмакчы болушууда. Батыштын негизги дарты Исламдын башкаруу түзүмү сыпатындагы фикратын мусулмандар аң-сезиминен алыстатуу. Т.а. Исламды Батыш сакафатына, жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрүнө жана жашоо таризине  ылайыкташтырууга аракет кылуу. О.э. Батыштын демократия, диндер аралык диалог сыяктуу  долбоорлорун мусулмандарга киргизүү. Себеби, эч кандай “экстремисттик Ислам”, “радикал Ислам”, “муътадил Ислам”, “салттуу Ислам”  деген нерселер жок. Аллах Таала түшүргөн Ислам гана бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here