Путин Россиянын авиабазасы Кыргызстанда эмне үчүн жайгаштырылгандыгына түшүндүрмө берди
Россия президенти Владимир Путин “Ала-Тоо 24” телеканалына берген интервьюсунда, Россиянын авиабазасын Кыргызстанда жайгаштырууга эмне себеп болгондугун түшүндүрүп берди. Анын айтымында, буга республиканын географиялык жайгашуусу себеп болгон.
Путин: “Кыргызстандын Кант шаарында РФ авиабазасынын бар болушу кокустук эмес”, – деди.
Путиндин айтымында, Кыргызстан “калкынын саны көп болбогон, бирок, географиялык жактан алганда өтө кызыктуу мамлекет” о.э. “ал тургай, кандайдыр мааниде маанилүү позицияга ээ”.
Туркистон:
Путин Кыргызстанды “маанилүү стратегиялык аймак” деди. Канттагы аскерий базасын Кыргызстанды тышкы коркунучтардан сактап туруу үчүн эмес, эл аралык саясатта таасири бар колонизатор мамлекеттерден сактап калуу үчүн мамлекетти аскерий колония кылып алгандыгын айтты. Жыл сайын миллиондогон доллар төлөп туруучу “Ганси” авиабазасы менен Россиянын Канттагы авиабазасынын дээрлик айырмасы жок. Болгону орустар зыяндан башка пайда келтиришпейт. Максаты болсо, АКШнын максатынан айырмаланбайт т.а. стратегиялык жактан маанилүү болгон аймакты аскерий кубат менен ээлеп туруу.