Өзбекстан менен Казакстан аскерий-техникалык кызматташтык боюнча келишим түздү
“РИА Новости”нин кабарына таянсак, Өзбекстан менен Казакстан аскерий-техникалык кызматташтык туурасында келишим түзгөн .
Аталган документке Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Өзбекстанга сапары учурунда кол коюлду. Ага Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов жана Казакстандын коргоо жана аэрокосмикалык өнөржайы министри Бейбут Атамкуловдор кол коюшту.
“Келишим өз ара тең укуктуулук жана аскерий-техника тармагындагы кызматташтык принциптери негизиндеги эки тараптуу кызматташтыктын бекемделишине кызмат кылат”, -деп айтылат документтин түшүндүрмөсүндө.
Үстүбүздөгү жылы Өзбекстан менен Казакстан аскерий-техникалык тармактагы кызматташтыкты күчөттү. Август айында Казакстан менен Өзбекстандын коргоо министрликтери эки тараптуу мамиленин тарыхында алгачкы жолу аскерий кызматташтык планын түзүштү.