Шавкат Мирзиёев кийинки аптада Кыргызстанга келет
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сентябрь айынын башында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президент Атамбаев Ош облусуна болгон иш сапары учурунда билдирген.
Президент жакында эле акыркы 25 жылдын ичинде алгачкы жолу Өзбекстандын премьер-министри келип кеткенин, анда чек аранын 85 пайызы боюнча макулдашууга кол коюлганын айтты.
О.э. Атамбаев чегараларды делимитация жана демаркациялоо иштери уланып жаткандыгын кошумчалады .
“Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш участкалардын 84 пайызында иштер аяктап, маселелер чечилди”, – деген Атамбаев.
Белгилүү болгондой, өткөн аптада эки өлкөнүн премьер-министрлеринин Бишкектеги жолугушуусу учурунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаев сентябрь айында Өзбекстанга сапар кылууну пландаштырып жатканын билдирген эле. Кийинчерээк, Шавкат Мирзиёевдин да Кыргызстанга келе тургандыгы кабарланды.
Туркистон:
Өзбекстан Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин күтүлүп жаткан жараяндарга кайдыгер эмес. Бирок көңүл бурууга арзый турган жери, анын бул жараянда ээлеген позициясында.
Өзбекстан Кыргызстанда саясий туруктуулукту кармап калууга кызыкдар. Себеби, Мирзиёевдин өзбек элитасында жүргүзүп жаткан ички саясаты жана диктатордук түзүмдөн калган режимге каршы жүргүзүп жаткан саясий реформалары үчүн кошуна өлкөлөрдө коопсуздук жана туруктуулук болушу өтө маанилүү. Себеби, Каримов калыптандырган башкаруу түзүмү ар бир тармакта коопсуздук системасы негизине байланган абалда калыптандырылган. Ушундан келип чыгып, Өзбекстандагы башкаруу тизгини дээрлик Инаятов баш болгон коопсуздук кызматынын таасири астына өтүп калды. Ошондуктан, өлкөнүн ичкерисинде о.э. региондо жүз бере турган ар кандай кооптуу абалдар Мирзияев күрөшүп жаткан коопсуздук түзүмүнө пайдалуу болуп, анын таасирин ого бетер күчөтөт.
Кыргызстанда болсо, оппозициялык күчтөр канчалык күчтүү экендигине жана элита өкүлдөрүнүн көпчүлүгүн өздөрү тарапка тартып алышына карабастан, алардын көпчүлүгү Россиянын колдоосунан үмүткөр болуп турушат. Себеби, Кыргызстанда Батыш системасынын таасири өтө эле алсыз о.э. Кыргызстанга кайдыгер карап жатат.
Россия болсо, азырынча Атамбаев тандаган Жээнбековду колдоого убада берип жатат. Ошондуктан, Өзбекстан да кадыржам позиция деп Россияга парралел багытта жүрүүнү ыктыяр кылды. Себеби, региондогу ар кандай революциялык аракет же тополоңдордун бардыгы эки лагерге бөлүнгөн эл аралык күчтөрдүн кызыкчылык талашуусу себептүү башталат. Өзбекстан болсо, эл аралык саясатка таасир өткөрө ала турган өлкө эмес. Ошондуктан, ал Россиянын ыктыярына тескери баруудан эч кандай пайда таппастыгын өтө жакшы билет.
Бул ирет Батыш күчтөрүнүн Кыргызстандын ички саясатындагы кескин позициясы дээрлик көрүнбөй жатат. Муну, Текебаевди 8 жылга камап жиберүүдөгү укук бузуулардан, Батыштын саясий машинасынын негизги куралы болгон “адам укугун коргоочулар” дээрлик аралашпай жатканынан билип алсак болот. Демек, майданда Россиянын кызыкчылыгы гана калды.
Мирзиёевдин Атамбаев президенттиктен кетеринин алдында Кыргызстанга келиши, ал Атамбаев командасы бийликте калышын каалай тургандыгын билдирет. Себеби, аталган сапардан олуттуу иш-чараларды күтүү мүмкүн эмес. Себеби, шайлоо эмне болуп аякташы азырынча белгисиз. Бирок, Атамбаевдин президенттиктен кетиши анык. Демек, Мирзиёев Атамбаев өзүнөн кийин калтырмакчы болуп жаткан саясий топту колдой турганына ишара кылып, анын аброюн көтөрүп коймокчу болууда.