Жээнбеков отставкага кетти
Учурда президенттик орунга негизги талапкер болуп турган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн отставкага кетти.
Эске сала кетсек, КСДП партиясы 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбековду талапкер кылып көрсөткөн эле.
Жаңы өкмөт башчы шайланганга чейин, биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.