Назарбаев: Батыштын Россияга каршы санкциялары Казакстанга таасирин тийгизиши мүмкүн
“Акорда” сайтынын кабарына таянсак, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев эмгек өргүүсүнөн кайтып келип, премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Назарбаев өкмөт жакшы натыйжаларга жетишүү жолунда “кызуу ” иштеши керектигин айтты. Себеби, Батыштын Россияга каршы жаңы санкциялары Казакстандын экономикасына таасирин тийгизиши мүмкүн.
“Өкмөт кызуу иштеп жатат деп ойлойм. Мен жылды жакшы натыйжалар менен аяктоо үчүн баарыңарды уюшкандыкта иштөөгө чакырам. Тобокелчиликтер бар. Энергия жана сырьёго болгон баалар өзгөрүүдө. Батыштын Россияга каршы санкциялары да таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошону эске алуу керек”, – деген.
Россияга каршы жаңы санкциялар туурасындагы мыйзамга АКШ президенти Дональд Трамп 2-августта кол койгон. Ошол эле күнү Казакстанда доллардын курсу көтөрүлүп кеткен.
Туркистон:
Американын Россия үстүндөгү 25 жылдык стратегиясы аяктап барууда. АКШ Россиянын мурунку Советтер Союзунан калган саясий элитасын Путиндин командасы аркылуу жок кылды. Анын ордуна алсыз жетекчилерден турган ач көз, жалаң гана жеке кызыкчылыгын көздөгөн элитаны алып келүүгө шарт түзүп берди. Натыйжада, Россия оор өнөржайынан, андан соң жеңил өнөржайынан да айрылып, энергетикалык ресурстарды сатуу менен күн көрүп жаткан сырьё базасына айланып калды. О.э. Батыштын өнөржай продукцияларынын базарына айланып калды. Калкын болсо, көптөгөн жылдардан бери резервдик фонддон дотация кылуу менен багып келди. Путиндин режими ушундай жол аркылуу экономикалык кризисти жаап-жашырмакчы болду.
Эми Россиянын резервдик фонддогу валюталары да түгөнөйүн деп калды. Путин саясий элитаны жана жарандарды “Трамп бийликке келгенде АКШнын Россияга карата мамилеси өзгөрөт” деп бир топ убакытка алдап келди. Бирок, АКШны президенттер эмес, жетекчи топ учурдагы саясий элита аркылуу башкарышын Путин жакшы билет эле. Ошого карабастан, АКШнын кызыкчылыгын коргоп, Россиянын резервдик фондунуна зыян жеткиришин эсепке албастан Сирияга аскерий күчтөрүн алып кирип кыргын салды. Украинада болсо, саясий башаламандык пайда кылуу үчүн өтө чоң күч жумшап жатат. АКШ анын ушунча аракеттерин эсепке албады жана татыктуу көрүнүштө сыйлабады. Себеби, капиталисттик системада мамлекеттерди жалаң гана кызыкчылык башкарат.
АКШ өзүнүн көп жылдык стратегияси негизиндеги кезектеги тактикалык чабуулун ишке ашырды. АКШ бул чабуулун өзүнүн турган дүйнөлүк банк системасын муунтуп коюу жана Россиянын экономикасы дээрлик таянып калган энергетика соодасы үчүн зарыл болгон технологияларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн дүйнө бойлоп кысымга алуучу санкциялары аркылуу ишке ашыра баштады. Бул санкция ийгиликтүү ишке ашырылса, Россия экономикалык кризиске дуушар болушу мүмкүн. Путин бул санкциядан Россия сыяктуу эле зыян тартып калышы күтүлүп жаткан айрым Европа өлкөлөрүнүн жана Кытайдын Америкага каршы бирер чара көрүшүнөн үмүттөнөт. Бирок, дүйнөлүк эксперттер буга караганда Украинага каршы согуш ачып жиберүү ыктымалы күчтүүрөөк экендигин айтышууда.
Казакстандын тынчсыздануусу орундуу. Себеби, Казакстандын экономикалык системасы Россияга өтө көптөгөн тармактарда байланып калган. Каржылык, энергетика, транспорт жана энергетика транзит кылуу жана башка тармактарда экономикалык өнөктөш болуп калган. Ошондуктан, Казакстан президенти латын алфавитине өтүү менен сакафий көз карандылыктан кутулмакчы болуп жаткандай эле, эми Россия менен энергетика тармагындагы кызматташтык долбоорлорун жана келишимдерин да кайрадан карап чыгышы керек болот!