Мисирде камакка алынган уйгур студенттерди Кытай полициясы суракка алууда
Мисирде үч апта мурда уйгур улутундагы жүздөгөн мусулмандар камакка алына баштаган эле. Кытай бийлигинин талабы менен Мисир полициясы уйгурларды үйлөрүнөн, көчөлөрдөн, иштеген жеринен, айрыкча диний окуу жайлардан кармап кете баштаган.
Ал-Азхар Исламий университетинен кармалган уйгур студенттерди Кытай полициясы башына кара баштыктарды кийгизип алып сурак кылып жатканы айтылууда. Бул тууралуу уйгур тилинде кабар таратуучу “Азия добушу” радиосу кабарлады. Радионун студенттердин бирине таянып кабар беришинче, бүгүнкү күндө Чыгыш Түркстандык студенттер Тарра, Акраб, Буржул сыяктуу абактарда жатышат. Аталган абактар араб дүйнөсүндө оор шарттары менен белгилүү болгон абактар болуп эсептелет.
Кабарда келишинче, камакка алынган студенттердин бири абак кызматкерлеринин биринин телефону аркылуу уйгур тилинде обого чыгуучу “Азия добушу” радиосуна байланышып, Кытай полициясы уйгурлардын баштарына кара баштыктарды кийгизип алып сурак кылып жатканын жана тергөө оор шартта болуп жаткандыгын билдирген. О.э. камакка алынган уйгур студенттерге күнүнө бир жолу гана тамак берилип жатканын, абанын өтө ысыктыгы жана шарттын оордугу себептүү көпчүлүк студенттер ооруп калгандыгын да билдирген. Мындан тышкары, алардын арасында казакстандык студенттер да бар экендигин жана казактар уйгурлар менен болгон алакасы тууралуу сурак кылынып жаткандыгын билдирген.
Ушул кезге чейин, маалымат каражаттарында Мисирдин абактарынан бирер студент чыккандыгы тууралуу кабар берилбеди. Адвокаттарга жана укук коргоочу уюмдарга камакка алынган студенттер менен жолугушууга уруксат берилбей жатат. Ал-Азхардын уйгур улутундагы студенттерин камакка алуу уланып жаткан болсо да, Мисир бийлиги бүгүнкү күнгө чейин студенттердин тагдыры тууралуу бир да билдирүү берип койбоду.