АКШ Афганистандагы аскерий операцияларды кайрадан баштоо мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда
“NBC” телеканалынын кабарына таянсак, АКШ коргоо министрлиги Афганистанда “Талибан” жана “Хаккани тармагы” уюмдарынын согушкерлерин жок кылуу максатында аскерий операцияларды кайрадан баштоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууда.
Пентагондогу булактардын билдиришинче, Ак үйдөгү аскерий мекеме учурда Американын Афганистандагы стратегиясын кайрадан карап чыгууда. Мында АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Герберт Макмастер активдүү катышууда. Июль айында Афганистандагы “Талибан” жана “Хаккани тармагы” кыймылдарына каршы операцияларды кайрадан баштоо боюнча сунуштар болору күтүлүүдө.
Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Афганистанда эл аралык коалициянын 13 миңдей аскери бар, америкалык 8,4 миңдей аскер жана офицер да ушулардын катарында. Алар негизинен Афганистандагы аскерлерди машыктыруу менен алектенишет. “NBC” билдиргендей, бүгүнкү күндө Америка аскерий күчтөрү негизинен “ИШИМ” жана “Ал-Каида”террордук топторуна сокку берүүдө, ал эми “Талибанга” болсо өтө сейрек сокку берүүдө.
“CNN”дин кабарында болсо: “Маалыматтарга ылайык, Афганистанда “Талибан”дын болжол менен 35 миңдей согушкери бар. “ИШИМ” тарапта болсо жүздөгөн гана адам согушууда. Негизи, Афганистан өкмөтүнө талиптер көбүрөөк коркунуч туудурат”, – деп айтылат.