Лавров менен Киссинжер Россия-АКШ алакаларын талкуулашты

276
0

Лавров менен Киссинжер Россия-АКШ алакаларын талкуулашты

РФнын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер менен Москвадагы жолугушуусунда АКШ-Россия алакасынын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу РФнын тышкы иштер министрлиги билдирди.

РФ тышкы иштер министрлиги берген билдирүүдө: “Жолугушууда АКШ-Россия алакасынын бүгүнкү абалы жана келечеги, кээ бир маанилүү регионалдык жана дүйнөлүк проблемалар боюнча пикир алмашылды”, – деп айтылат.

1970-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы болгон Генри Киссинжер АКШ-Россия алакасында жумшактык саясатын негиздөөчүлөрдүн бири катары таанылган. Киссинжер акыркы жылдарда өзүн АКШнын тышкы саясатындагы эң ийгиликтүү адистердин бири катары көрсөтүүдө. Россия да аны Америка-Россия алакасы боюнча тажрыйбалуу адам деп билет.

Туркистон:

Киссинжер учурда – картайып калганына карабастан – АКШ-Россия ортосундагы алаканы жакындатууга аракет кылууда. Ал буга чейин ушул маселе боюнча Россия президенти Владимир Путин менен да жолугушкан эле. Мындан көздөлгөн максат, Кытайга каршы орустардын аскерий кубатынан пайдалануу. Себеби, Кытайдын экономикалык жана аскерий жактары күчөп бара жатканы АКШнын тынчын алууда. Бүгүнкү күндө Кытайндын аскерий бюджети, Россия, Британия жана Франция сыяктуу мамлекеттердин аскерий бюджетин бириктиргенде да, алардан көптүк кылат. Андан тышкары, Кытайдын жашыруун аскерий программалары бар экендиги да АКШнын тынчын алууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here