Генерал Данфорд күтүүсүз сапар менен Афганистанга келди

241
0

Генерал Данфорд күтүүсүз сапар менен Афганистанга келди

  АКШ Куралдуу күчтөрү Штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин төрагасы генерал Джозеф Данфорд алдын ала жарыя кылынбаган сапар менен Кабулга келди.

 Генерал Джозеф Данфорд бир нече күндүк сапарынын алкагында Афганистан расмийлери менен о.э. америкалык аскер башчылар жана коалициялык күчтөрдүн командачылары менен жолугушат.

  Эл аралык коалициянын күчтөрү 2014-жылдын декабрында Афганистандагы согуштук аракеттерди токтоткон эле. А бирок, чет өлкөлүк аскерлердин Афганистандан чыгып кетиши малекеттеги кырдаалды изден чыгарышы мүмкүн эле.

  Америка ЖМКлары билдиришинче, АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис өкмөттүк күчтөр менен талиптер ортосундагы аскерий аракеттерди жөнгө салуу максатында Афганистанга дагы 3000ден 5000ге чейин аскер жиберүүнү пландаштырууда.

  Учурда Афганистанда АКШнын 8400гө жакын аскери бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here