Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестор табылды

341
0

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестор табылды

Кыргызстан  Нарын дарыясынын жогорку өзөнүнө курууну пландаштырган ГЭСтер каскады үчүн жаңы инвесторлорду тапты. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев, журналисттерге берген маегинде билдирди.

            “Биз Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүндө курула турган ГЭСтер үчүн инвестор таптык. Келишимге июль айынын акырында кол коюлат”,- деди Алмазбек Атамбаев Москвага болгон иш-сапары учурунда.

            Алгачкы келишимге ылайык, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна Өзбекстан менен Казакстан инвесторлорунан пайдаланабыз. Бул тармакта биз дарыянын төмөнкү өзөнүндө жайгашкан мамлекеттер – Казакстан жана Өзбекстан менен бирге чечим чыгарууну каалайбыз. Алгачкы келишим боюнча, алардын экөө тең бул долбоорго макул”,- деди Атамбаев.

            Камбар-Ата ГЭСин куруунун баасы, алгачкы эсеп боюнча 3 млрд. долларды түзөт. Бул ГЭСти куруу алгач Россия менен келишилген. Бирок, кийинчерек Россия бул келишимден баш тарткан.

            Дарыянын төмөнкү өзөнүндө жайгашкан Өзбекстан менен Казакстан бул ГЭСтин курулушу Орто Азиянын башка мамлекеттеринде суу тартыштыгын жаратат деп, бул долбоорго каршы чыгышкан.

            Атамбаевдин пикиринде, Россиянын Орто Азиянын бардык суу ресурстарынын ачкычы болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруудан баш тартышы чоң ката болгон.

            “ГЭС маселелесинде мен Владимир Владимировичке ушундай дедим: Бул Россия тараптан кеткен чоң ката болду. Бир күн келип сиз муну түшүнөсүз жана тийиштүү мекемелердин жетекчилерин жазалайсыз”,- деди Атамбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here