Эй азиз Үммөт, Рамазан айты мубарак болсун!
Бүткүл ааламдын Эгеси болгон Аллах Таалага мактоолор болсун. Мухаммад Мустафа салаллаху алейхи ва саламга, ал кишинин үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана кыямат күнүнө чейин ал затка чырайлуу түстө эргешкен момундарга салату саламдар болсун! амма баъд.
Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатух.
Биз Хизб ут-Тахрир Кыргызстан вилаяты бүткүл мусулмандарды, өзгөчө Мавереннахр мусулмандарын мубарак Рамазан айты менен куттуктайбыз. Аллах Субханаху ва Таала ыйман жана ихлас менен туткан орозолорубузду, кылган ибадаттарыбызды Өз даргөйүнөн кабыл кылсын. Бардыгыбызга Лайлатул Кадр кечесинин сообун насип кылсын. Ал Зат баарыбызды мына ушул улуу майрамдын берекесине бөлөсүн.
Мына, бул жылдын Рамазан айтынын каршысында турган учурда, өлкөбүз бардык тараптан өтө начар абалга түшүп калганына күбө болуудабыз. Себеби, капитализм системасы өлкөбүздө колдонулушунун натыйжасында, экономикалык абал болуп көрбөгөндөй төмөн даражага түшүп кетти. Бардык мусулмандар колдонушу керек болгон жалпы мүлктөр, а түгүл мамлекеттик мүлктөр чет элдик компаниялар тарабынан таланып-тонолууда. Өлкөбүз табигый ресурстарга бай болушуна карабай, адамдар күндөн-күнгө жакырланып баратат.
Алланын өкүмүн четке коюп, өздөрү ойлоп тапкан мыйзам негизинде башкарып жаткан жетекчилер болсо, өлкөбүздө Россиянын бир федерациясы сыяктуу иш алып барууда. Мына, жакындан бери, Кыргызстан аскерлерин Сирияга жөнөтүлүшү туурасында кеп-сөздөр активдүү таркатылууда. Аллах сактасын, бул долбоор ишке аша турган болсо, биздин мусулман куралдуу күчтөрүбүз Сириядагы мазлумдарга жардам берүү же муктаждыгынан арылтуу үчүн эмес, тескерисинче, азап-укубаттарды дагы да күчөтүү үчүн барган болот. Алла Субханаху ва Таала мусулмандын башка бир мусулманга каршы каапырлар менен кызматташуусун, алар менен бул тармакта сүйлөшүүлөрдү алып барышын кескин арам кылган. Аллах Таала каапырлардан оолак болууга буйруп мындай деди:
«Анткени, каапырлар силерге ачык душман болгон кишилер» [Ниса 101]
«Эй момундар, момундарды коюп, каапырларды дос тутпагыла! Алла үчүн өзүңөргө каршы ачык далил берүүнү каалайсыңарбы?» [Ниса 144]
Азиз мусулман бир туугандар!
Келгиле, Аллах Субханахудан сураналы, бүткүл Ислам Үммөтүн Исламда бириктирип, жүрөктөрдү туташтырсын. Биздин куралдуу күчтөрүбүз да ушул Үммөттүн перзенттери болгон соң, жакшы-жаман күндөрдө мусулмандарга боор тарта турган бир тууган болушун, досторуна жардам колун созо турган кызматта болуусун, душмандарга каршы бир денедей күрөшүүсүн Аллахтан сурайлы.
Аллах Таала бүткүл дүйнөдөгү мазлум жана мазлума бир туугандарыбызга ушул майрамдын курсантчылыгын жүрөктөрүнө сиңдире турган нусратын жакын кылсын. Сирия, Ирак, Афганистан сыяктуу өлкөлөрдө бомбалар астында Раббисинен жардам издегендер; Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана башка заалим режимдердин зындандарында азап чегип Раббисинен үмүт кылып жаткандар; Кытай, Бирма, Кашмир жана Крымда кафирлердин ырайымсыз куугунтуктары астында Аллахтан ырайым сурап жаткан бир туугандарыбыз да бул улуу майрамды өз үй-бүлөлөрү менен, жакындарынын кучагында өткөрүүсүн Алладан жалбарып суранабыз. Сенден гана суранабыз я Аллахым, ушул улуу күндөрдө мусулман өлкөлөрүндөгү куралдуу күчтөрдүн жетекчилерине инсап жана тавфик бер. Расулуллах алайхи саламга ылайык Үммөт кыла көр! Бизди кафир жетекчилерди ыраазы кылуу үчүн Саудия-Катар болуп талашып-тартышпай турган; Түркия-Ирак болуп согушпай турган; Өзбекстан-Кыргызстан болуп чегара талашпай турган; кафир көтөрүп жаткан демилгенин үстүндө эмес, тескерисинче, Раббисинин сөзүн улуу кылууда бири-бирине таяныч боло турган калыс үммө кыл. Аллахым мусулмандарды бир мамлекеттин саясында бириктирүү үчүн кылынып жаткан даъватка лаббей деп жооп бере тургандардан кыл! Бул азиз Үммөткө азиздигин кайтара көр. Достору менен мазхаб же жамаат талашып тартышпастан, болгон күчүн Раббиси жана диндерине душман болгон кимселерге каршы каратууну насип кыл! Аллахым Сенден момундардын жүрөктөрүн бейпилдикке бөлөй турган жана анын маселелерин эң чырайлуу түстө чечип бере турган өкүмдөрүңдүн турмушубузга баш мыйзам катары кайтарууңду тилейбиз. Адамдар ойлоп тапкан демократия сыяктуу булганыч режимдерден жана алардын бузук акыбеттеринен бизди сактай көр! Өзүңдүн өкүмдөрүңдү турмушка алып келүүдө момунга дос, куфрга душман болгон, Үммөттүн башын бириктирип, ихтилафтарга чекит коё турган жападан жалгыз Халифалык мамлекетин тикелөөбүздү насип кыл. Албетте бул рахматыңды пенделериңдин колу менен ишке ашырасың. Бизди мына ушул диниңди турмушка ашыра турган, Сенин сөздөрүңдү улуу кыла тургандардан кыл. Мурунку улуу заттардын колу менен Исламды ааламга жайганың сыяктуу, биздин колубуз менен дүйнөнүн төрт тарабына хидаятыңды жеткире көр. Сенин жүрөктөргө жана иштерге чечим берген өкүмдөрүң адамзаттын бардык катмарына азизди азиз кылып, корду кор кылган абалда кирип баруусун насип кыл. Ушул даъватты көтөрүп чыгып жаткан бир туугандарыбыздын кадамдарын дүйнө-акыретте бекем кыл. Бизди да бул изги иштерде алдыңкылардан кыла көр! Амиин!
Хизб ут-Тахрир 1 шаввал 1438х
Кыргызстан 25-июнь 2017м