Араб өлкөлөрү Катарга карата расмий талаптарын жеткиришти
Катарды блокадага алып жаткан Саудия жетекчилигиндеги араб өлкөлөрү, (Миср, БАЭ, Бахрейн) Дохага расмий талаптарын жөнөтүштү. Бул талаптардын тизмеси Кувейт аркылуу Дохага жеткирилди.
Маалымат каражаттарында айтылышынча, расмий Дохадан Иран менен болгон дипломатиялык алакаларды үзүү, “Аль-Жазира” телеканалын жабуу, а түгүл, Түркиянын аскерий кошуундарын өлкөдөн чыгарып жиберүү талап кылынган. Буга кошумча, Дохадан Эр-Рияд, Абу-Даби, Каир жана Манама тарабынан терроризм менен айыпталган бардык жарандарды тапшыруу талап кылынган. О.э Катар чыгымдардын баарын төлөшү керек. Бирок, анын өлчөмү айтылбаган. Бул талаптар ишке ашуусу үчүн 10 күн мөөнөт берилди.
Катардын позициясы
22-июнь күнү Катар тышкы иштер министри Мухаммад ибн Абдурахман Аль Саанийдин кабарлашынча, Катар менен дипломатиялык алакаларды үзгөн мамлекеттер блокада аркылуу агрессияны колдоп жатышат.
Министр, “Биз көрүп турган блокада, бул мамлекет үчүн агрессия катары каралат. Өкүнүчтүүсү, алар бизге карата ушундай агрессияны колдоп жатышат. Алар бизди өздөрүнүн ишине аралашты деген негизде айыптап, тескерисинче, биздин ички ишибизге аралашууда”,- деди Дохадагы маалымат жыйынында.
Аль Саанинин ырасташынча, абалды жумшарта турган учур жүзөгө чыга элек. Расмий Доха бул мамлекеттер менен мамилени оңдоого жетише албады. Ал, Катар менен алаканы үзгөн өлкөлөр, блокаданы токтоткондо гана абалды жолго коюу мүмкүн экенин баса белгиледи.