Казакстан парламенти терроризм менен соттолгондорду жарандыктан чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун тастыктады

369
0

Казакстан парламенти терроризм менен соттолгондорду жарандыктан чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун тастыктады

         Казакстан парламентинин сенаттагы депутаттары шейшемби күнү террордук ишмердүүлүгү үчүн жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорун тастыктады. Бул тууралуу “РИА Новости” кабар агенттиги маалымдады.

         Кабарга ылайык, жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам, террордук ишмердүүлүк менен алектенгендерге жана Казакстандын улуттук кызыкчылыктарына оор зыян жеткиргендерге карата колдонулат.

         Буларга геноциддик иш-аракеттерди жасагандар, сепаратисттер (аймакка бөлүүчүлөр), экстремисттик тайпаларды түзгөндөр, ага мүчө болгондор жана анын ишмердүүлүгүнө катышкандар кирет.

         Бул мыйзам долбоору ишке кирүүсү үчүн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан кол коюлушу керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here