Катар кризисин ким пайда кылды?
Суроо:
Трамп 2017-жылдын 9-июнунда Ак үйдө Румыния президенти менен берген пресс-конференцияда мындай деди: “Саммиттин бардык катышуучулары терроризмди каржылоо, аскерий, маанавий жактан болобу айырмасы жок аны колдоого алууну токтотууга келишишти. Тилекке каршы, Катар мамлекетинин терроризмди жогорку деңгээлде каржылап келүүсүнүн узун тарыхы бар. Самиттин алкагында бардык өлкөлөр Катарга каршы туруу боюнча бир пикирге келиштик. Террористтерди каржылоого чек коюу биздин милдетибиз. Тышкы иштер министри жана Америка армиясынын генералдары менен Катардын терроризмди каржылоосун токтотууга чакыра турган токтом кабыл алдым.” (“Седьмой день” 2017. 06. 09) Бул Саудия менен Катар ортосунда болуп жаткан кризисти Трамп кылып жаткандыгын билдиреби? Эгер ушул туура болсо эмне үчүн Трамп Американын эң ири аскерий базасы жайгашкан Катарды мындай киризиске кептеп жатат? Кийин ММКлар Саудия менен Катар ортосунда жүз берген киризистин себебин, Катардын Иран, Ихван, Хамас менен болгон алакасына байланыштырышты… Трамптын билдирүүсү менен ММКлардын берген маалыматында шайкешсиздикти кандай түшүнөбүз? Бул кризис Катарды Булуң мамлекеттери биримдигинен чыгарууга же “куугунтуктоого” алып барабы?
Жооп:
Биринчиден: Ооба кризисти Америка пайда кылды. Башкача айтканда, Америка президенти Трамп пайда кылды.
Муну баяндоо үчүн суроонун аягынан баштайбыз:
Айрымдар Булуң мамлекеттеринде жүз берген кризис ММКлар чагылдырып жаткандай Катар “Мусулман агайындар”, “Хамас”, Иран менен стратегиялык жактан кызматташуусу себептүү келип чыкты деп ойлоп жатышат… Кээ бирлери болсо кризистин акыйкаты тээ жетимишинчи жылдары БАЭ мамлекетин негиздөө учурунда Аль Хамад династиясы менен Аль Заид династиясы ортосундагы карама-каршылыктардан келип чыкты. Ошондуктан, Саудия өзүнүн союздашы БАЭ тарапка туруп, Катарга басым кылып жатат дешет… Ошондой эле кээ бир жазмакерлер Катарды камоого алып, кризиске кептөө “Израилге” байланыштуу деп жазышты. Мисалы, Джейк Новак “CNBC” каналына мындай деди: “көрүнүп тургандай Саудия менен Катардын ортосунда жүз берген кризис Иран себептүү чыкты. Анткени, Саудия Ортоңку Чыгыштагы Ирандын таасирин азайтууга аябай кызыктар. Бираз терең назар салып карай турган болсок, Катар белгилүү бир учурда башка мамлекет “Израил” менен кызматашканы айкын болот” (“Арабий 21” 2017. 06. 07)
Бирок, бул кризиске тереңирээк назар салып карасак, жогоруда айтылып өтүлгөн себептердин баары акыйкаттан алыс экендиги ачыкталат. Ошондой эле, бул кризис жаңы эле пайда боло калбастан, Катар мурдатан бул абал менен алп урушуп келе жатат. Катардын Иран менен жакындашкандыгы белгилүү. Ошондой эле, анын Хамас менен болгон алакасы да айдан ачык. Катардын Палестинаны басып алган Израил, Саудия, БАЭ менен болгон алакалары да жашыруун эмес. Ал тургай, булардын ортосундагы алака уруулар ортосундагы алакадан да жакын болуп келген… Бул алакалардын баары кризистен мурда болгон жана кризистен кийин да уланып жатат. Андыктан, жогоруда айтылган нерселер кризистин чыныгы себеби эмес.
Экинчиден: Кризистин чыныгы себеби башында айтып өтүлгөндөй Америка тагыраагы, Трамп. Муну төмөндө баяндап өтөбүз:
1. 21-кылымдын башталышы менен кичинекей Катар аймактагы Британ саясатынын негизги чордону болуп калды. Ошол себептен, “Аль жазира” телеканалы аймакта Америка жана анын малайларынын саясатына көйгөй жарата турган медиага айланды. Буга кошумча Катар саясий каржы булагы болуп калды. Бул саясий күчтөрдү өзүнө тарта турган саясий магнитке айланды… Катар ушул эки иш менен ири ийгиликке жетишти. Айрыкча, Палестина, Миср, Тунис, Ливиядагы “мутадил” (мэлүүн) деп аталаган Исламий кыймылдарды өзүнө тартуу жаатында ийгиликке жетишти. Америка жана анын малайларынын саясатына тоскоолдук жаратуу үчүн Катардын борбору Доха, бул исламий кыймылдардын жетекчилери чогулуп, план түзө турган борборго айланды… Британия адатынча сыртынан Америка менен бирге, ичинен болсо ага көйгөй жаратып турат. Катар Британиянын бул оюнун эң көркөм түстө ойноду. Ал 1991-жылы Американын борбордук командачылыгынын штаб-квартирасы (ЦРУ) катары саналган көптөтөгөн аскерий базаларды өз аймагына жайгаштырган. Бул базалар стратегиялык аба базасы катары рол ойногон. Бул аба базалардан Американын учактары Ооганстан, Ирак, Сирия, Йемендеги мусулмандарды кыргын кылуу үчүн көтөрүлүп турду. Ошол эле маалда Бртитания, Катарды аймактагы өзүнүн негизги саясий чордону катары пайдаланууга урунуп келди. Ушул кылымдын башталышында Катар Британия сызып берген пландын негизинде кызмат кылып, бул рол гүлдөй баштады. Ошондуктан, Америка Катардын бул ролун кысымга ала баштады. Анын кысым кылуусу “Аль жазиира” телеканалынын штаб-квартирасын бомбалоону караштыруусуна чейин жетип барды. 2005. 11. 22 “DW” кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Кичи Буш “Аль жазиира” телеканалынын штаб-квартирасын бомбалоону талкууга алды. Британиянын “Daily Mirror” гезити Британия өкмөт башына караштуу “жашыруун” маалымат тууралуу басып чыкты. Маалыматта: “Америка президенти Жорж Буш 2004-жылы Катардагы “Аль жазиира” теле каналынын штаб-квартирасын бомбалоо тууралуу пикирлегени айтылат. (“DW” 2005. 11. 22) Булуңдагы бул абал Саудияда Салман бийликке келгенге чейин уланды. Ал бийликке келиши менен Саудия Америка малайына айланды. Ошол учурдан баштап Обама админстрациясы Катардын ролун Саудияга тапшырууну караштыра баштады. Бир тараптан Американын жаңы планы негизинде иш алып баруусун да караштырды… Ошондон кийин Америка малайы болгон Салмандын ролун күчөтүп, Катардын ролун бүтүндөй жок кыла турган карама-каршылыктар Катар менен Саудия ортосунда орун алды… Бул жылдын башында Америка президенти болуп Трамп келгенден баштап, Американын тышкы саясаты көптөгөн мамлекеттер менен катаал мүнөздө алып барыла баштады. Анын ичинде Катар дагы бар.
2. Трамптын 2017-жылдын 21-20-майда Саудияга болгон иш-сапарында элүүдөн ашык өлкө башчылары жыйналды жана Катардын терроризмди каржылап жатканы тилге алынды. Катар Британиянын ишарасы менен Америка Саудиянын ролун күчөтүп, Булуң аймагында Катардын ролун жок кылууну, мунун натыйжасында Британия таасирине сокку берүүнү көздөп жатканын билди. Буга жооп катары Катардын эмири Эр-Рияддан кайтып келгенден кийин билдирүү берди. Катар кабар агенттиги 2017. 05. 23. Катар эмири Тамим Аль-Санинин билдирүүсун басып чыкты: “Америка президентинин иш сапарына удаа эле Катарга терроризмди каржылап жатат деген куру доомат артылды… Биз бул куру дооматты бүтүндөй четке кагабыз… ихванул муслимин жамаатын террористтик жамаат деп сыпаттоо менен бизди терроризмди каржылоого алып жатат деп куру доомат артууга эч кимдин укугу жок. Миср, БАЭ, Бахрейндин Катарга карата айтып жаткан дооматтарын артка кайтаруусун талап кылам… Биздин Америка менен болгон тыгыз кызматташтыгыбыз Америка президентинин аша чапкан билдирүүсү себептүү бузулбашы керек. Катардагы көптөгөн Америка базалары Катарды кошуна мамлекеттердин дымагынан коргоп эле калбастан, ал Булуң аймагында Американын аскерий жактан таасир өткөрүшүнө бирден бир өбөлгө түзүп берет. Катар эч бир терроризм, экстремизмди тааныбайт жана аны колдоого албайт. Ал Палестина элинин мыйзамдуу өкүлү болгон Хамас менен Израил ортосунда тычнтыкты калыбына келтирүүдө, эки тарапты байма-бай байланыштыруу аркылуу иш жүзүнө ашырууга абдан кызыктар. Катар бир убакта Америка жана Иран менен бекем алака орнотуу аркылуу ийгиликке жетишти. Иран аймакта таасирге ээ. Ошондуктан, аны бей капар калтыруу жана аны менен эскалацияга баруу туура эмес…”
Катар эмиринин бул билдирүүсүндө көрүнүп тургандай, Катарга карата кризисти келтирип чыгаруунун артында, Катарды терроризмди каржылайт деген куру жалаа менен Трамп тургандыгы айдан ачык. Трамп мусулман өлкөлөрүнүн башчылары менен саммит өткөрүп, анын артынан эле бул өлкөлөрдүн башчыларын Америка максаттарына карай жетектегенин көргөзүүгө ашыкты. Трамп бул өлкөлөрдүн кээ бир башчылары Катарды терроризмди колдоого алып жаткандыгына да ишаара кылып өттү. Мына ушундайча, Катар Трампка каршы жооп катары билдирүү берди. Ошондой эле Катар Трампка каршы козголгон соттук иш-чаранын натыйжасында, анын бийликтен кетишин каалап жатканын да ишара кылды.
3. Саудияга Ислам ааламынын 55 рувайбиза акимдердин жыйналышы, аймакта Американын кызыкчылыгын ишке ашырууда, Саудияны жетекчилик кылууга даярдап жатканын көрсөтүп турат. Бул Вашингтондун анык планы болчу. Америка бир тараптан Иран коркунучун шылтоо кылып, аймакатагы бул өлкөлөрдүн нефтилерин өз карамагында калтырууну каалап жатат. Дагы бир тараптан Британия таасирин Булуң аймагынан сүрүп чыгаруу үчүн Булуң мамлекеттерин Саудия жетегине түртүүнү каалады. Башкача айтканда, Америка саясаты артында жүрүүлөрүн каалады. Ошондуктан, Саудия аймакта өзүнүн жетегине моюн толгогондорду кысымга ала баштады. Анын көзү алгач эле Катарга тигилди. Катарды кыйын абалга кептей турган учурду күттү. Ошондуктан, 2017. 05. 23 Катар кабар агенттиги тараткан маалыматка, тагыраагы, Катардын Саудия жана Америкага каршы берген билдирүүсүнө Саудия катуу жооп кайтарды. Катар кабар агенттигинин хакердик чабуулга кабылгандыгын жүйө кармап кечирим сураганына да карабады. Саудия, Катар кабар агенттиги хакердик чабуулга кабылганыдыгына эч кандай көңүл бурбады. Тескерисинче, Катарды Саудиянын саясатын жана Америка Салманга сызып берген ролун кабыл албай жатат деп түшүндү. Мына ошондуктан, Катар менен Саудия ортосунда кризис келип чыкты. Саудия айла амалын ишке салып Катар менен болгон алакасын үзөөрүн жарыя кылды. Башкача айтканда, Катар Саудиянын Булуң мамлекеттерине жетекчилик кылуусуна каршы чыгып жатат деген негизде ага каршы кысым кылууга өттү. Саудиянын бул иш аракети Трамп админстрациясынын позициясын чагылдырып турду. Саудия 2014. 03. 05. Катарга карата катуу кысым кылып, Катардан элчилерин алып чыгып кеткен. Катарга карата кысымды күчөтүү максатында аны блокада кылуу жараянын баштады. Саудиянын Америка жолунан барышы Катарды коркутуу менен коштолду. Катардын дипломаттарына 48 сааттын ичинде Саудияны таштап чыгып кетүүлөрүн талап кылды. Саудия Катарды коркууга салууда Америка жолу менен барды. Саудиянын бул кадамдарына Миср да Катардын жарандык тик учактарына карата уруксат сурамайын өз өлкөсүнө кирүүсүнө тыюу салуу менен кошулду. Мына ушундайча, башка Булуң өлкөлөрү да Саудия менен бирге Катарга каршы турушту.
Катар өзүнө карата кылынып жаткан бул бойкот кылуу токтомунан кийин эсеңгиреп калды. Себеби, ал мындай болот деп күткөн эмес болчу. Катардын ТИМи Мухаммад бин Абду Рахман Ал Саани “Би Би Си” кабар агенттигине берген маегинде мындай деди: “Катарга карата кылынып жаткан бул бойкот үрөй учура турган иш чара болду. Болуп өткөн окуя бул аймактагы үч мамлекет тарабынан Катарга каршы кылынды. Катарга жана анын элине карата бойкот кылынды…”
Катар Америка же анын Саудия сыяктуу малайларына теңеле албайт. Бирок, Саудиянын артынан шыкак берип турган ири мамлекет бар. Ошондуктан ал мындай ишти кылууга даай алды. Ал эми, Катар көмүскөдө же ачыктан ачык Британия саясаты негизинде жүрөт! Британиянын максаты, Булуң аймагында Америка таасирине жолтоо болуу жана анын планын иштен чыгаруу. Ошондуктан, ал өз малайы Катардын бул ишти кылуусуна шыкак берип турат. Британия Катарга карата мындай үрөй учура турган каршы жооп болот деп күткөн эмес. Ал Катарга каршы аракет катуу таасир берүүчү чабуул болбостон, 2014-жылдагыдай элчилерди алып чыгып кетүү менен эле токтойт деп ойлогон. Айрыкча Катар Американын ири базаларынын негизинде коргонгондуктан ушундай ойлогон. Ошондуктан Катардын эмири 2017. 05. 23. Катар кабар агенттигинде жасаган билдирүүсү өчүрүлүп, бул билдирүүсүн сайттын хакердик чабуулга кабылгандыгы менен байланыштырды. Анда мындай деп келген: “Американын Катардагы көптөгөн базалары Катарды коңшу мамлекеттердин дымагынан коргоого алып турат. Бирок, бул базалар Американын бул аймакта аскерий жактан таасир өткөрүүдөгү бирден бир таянычы болуп саналат.” Башкача айтканда, Катар бул базаларга таянуу менен бирге Америка жана анын малайларынын аймактагы саясатын “Аль жазиира” телеканалы аркылуу проблемага салууну улантып келген. Катар өзүнүн аймагында Америка үчүн ири базаларды ачып бергендигине таянуу менен Америка саясатына көйгөй жаратып турган. Америка буга карата унчукпай келген! Ошондуктан, Катар өзүнө карата кылынган бул жолкудай катуу иш чараларды күткөн эмес.
Азыркы кризистин чыныгы себеби бул Трамптын Салманга карата берген жаңы ролу. Саудия Булуң аймагына өзү көзөмөл кылып, Америка саясатын ишке ашырып берүүнү жана Британиянын кайсы бир малайы Америка саясатына маселе жаратышына жол бербөөнү максат кылган. Анткени, Британия Булуң аймагында Америка саясатына тоскоолдук жаратып, Британия кызыкчылыгын ишке ашырып берүү жол картасын Катарга тапшырган… Ошондуктан, Катарга карата болуп көрбөгөндөй катуу кысым кылынды. Бул кризисти келтирип чыгарууда Салмандын артында шыкак берип турган Трамп болду. Алар муну жашырышкан деле жок. Балким, акырындык менен окуянын уланышына жараша ачып барышты. 2017. 06. 06. “Арабия нет” Америка админстрациясынын жогорку жооптууларынын биринин “Reuters” агенттигиндеги сөзүн басып чыкты: “Катардын көптөгөн иш аракеттери Булуңдагы коңшуларын жана АКШны тынчсыздандырып келген”. Ушул эле кабар агенттиги дүйшөмбү күнү Америка жооптуусунун сөзүн басып чыкты: “АКШ Булуң мамлекеттеринин ортосунда “туруктуу ажырым” болуп турушун каалабайт”. Бул билдирүү Булуң жана араб мамлекеттери Катарды Исламий жамааттар жана Иран менен тыгыз кызматташып жатат деген жүйө менен Катардан алакаларын үзүп койгондон кийин айтылды. Жооптуу адам мындай деп кошумчалады: “Катардын көптөгөн иш аракети Булуңдагы коңшуларын эле тынчсыздандырбастан АКШны да тынчсыздандырып жатканы талашсыз. Аларды туура жака багыттоону калайбыз”. 2017. 06. 06. “Би Би Си” кабар агенттигинин маалыматында, Америка президенти Трамптын Булуң мамлекеттерине болгон акыркы иш-сапары араб өлкөлөрүнүн Катар менен алакаларын үзүү токтомуна таасири бар экендигин билдирди. Трамп бул иш сапар алкагында расмий Доха “Радикалдык идеолгияга” колдоо көргөзүп жаткандыгы боюнча маалымат алгандыгын билдирди. Ал твиттердеги расмий баракчасында мындай деп жазды: “Ортоңку Чыгышка болгон акыркы расмий иш-сапардын алкагында, мындан ары радикал идеолгияны каржылоону улантуу мүмкүн эмес экендигин айттым.” Катар жетекчилерине ишара кылып мындай деп жазды: “Менин акыркы учурдагы Саудияга болгон иш сапарым жана ал жерде 50дөн ашык өлкө жетекчилери менен жоолугушуум өтө жакшы жыйынтыктарды берди. Алар экстремизмди каржылагандарга каршы катаал чаралар менен иш жүргүзө тургандыктарын айтышты. Бардык ишаралар Катарга каратылып жатты. Мүмкүн бул иш-чаралар терроризм коркунучун таратып жаткандарга чекит коёт.” Кийин 2017-жылдын 9-июнунда берген Трамптын билдирүүсү, Саудиянын бул кризисти чыгаруусунун артында Америка тургандыгын айгинелеп койду. Трамп мындай деди: “Саммитке катышкандардын бардыгы терроризмди колдоого чек коё турган келишимди бир добуштан колдошту. Катар терроризмди каржылоосун тез арада токтотуусу зарыл. Саудиянын борбор калаасы Эр-Риядда болгон саммит терроризмдин жайылуусуна чек коё турган иш-чара болуп калаарынан үмүттөнөм”. Ал Ак үйдө Румыния президенти менен бирге берген пресс-конференцияда буга кошумчалап мындай деди: “Катардын терроризмди каржылап келгендигинин узун тарыхы бар.” (“Sky News Арабия” 2017. 06. 09)
Америка президенти Трамп, “Самиттин бардык катышуучулары терроризмди каржылоо, аскерий, маанавий жактан болобу айырмасы жок аны колдоого алууну токтотууга келишишти. Тилекке каршы, Катар мамлекетинин терроризмди жогорку деңгээлде каржылап келүүсүнүн узун тарыхы бар. Самиттин алкагында бардык өлкөлөр Катарга каршы туруу боюнча бир пикирге келиштик. Биз терроризмди каржылоону токтотуубуз зарыл. Мен ТИМ жана Америка армиясынын генералдары менен бирге Катардын терроризмди каржылоосун токтотууга чаккыра турган токтом кабыл алдым”,- деди. (“Седьмой день” 2017. 06. 09)
4. Ал эми “Катар кризисинин” кайсы тарапка карай уланышына келсек, ал мындай: Катар – Саудия, Миср сыяктуу Америка малайлары болгон жана Британия жолу негизинде рол бөлүшүп калуу үчүн алар менен бирге жүрүп жаткан Бахрейн, БАЭ сыяктуу өлкөлөрдүн өзүнө каршы коюлган позициясынан шок абалда калды. Биз 2017. 04. 09да берген суроо-жоопто айтып өтүлгөндөй: (… ушуну менен айкын болуп тургандай, Британия өз малайларына карата карама-каршы багытта ролдорду бөлүштүрүп берет. Бирок, натыйжада Британия кызыкчылыгы ишке ашат. Британия аймакта өз малайларын бир багытта койбойт…”) Катар айтып өткөнүбүздөй эскалация мынчалык үрөй учурган деңгээлде болот деп күткөн эмес… Саудиянын кадамдары Катарды шок кыла турган деңгээлде болду. Катардын дипломаттарына Саудияны таштап чыгып кетүүлөрү үчүн 48 саат гана мөөнөт берди. Саудиянын Америка көргөзмөсү менен кылган кадамына Миср да келип кошулду. Ал Катардын жарандык учактары алдын ала эскертпестен туруп Мисрге кирүүсүнө тыюу салды. Мына ушундай көрүнүштө Саудиянын Катарга каршы кадамдарына башка өлкөлөрдө да кошулду.
5. Ал эми бул кризис Катардын Булуң мамлекеттеринин биримдигинен чыгып кетүүсүнө алып келеби дегенге суроого токтолсок:
Мындай абал “дартты күйгүзүү” аркылуу дабалоо керек болсо гана ишке ашуусу мүмкүн. Бирок, негизинен дартты башка жол менен дабалоо мүмкүнчүлүгү али да болсо бар… Америка менен алакасы болгон эл аралык күчтөр, башкача айтканда, Америка жана Британия экөө тең кызыкчылыктары ар түрдүү болгонуна карабастан Катардын Булуң биримдигинде калуусуна кызыктар. Америка жогоруда айтып өткөнүбүздөй Катар Саудия жетекчилиги астында болуусун каалап жатат. Тактап айтканда, Америка – Катардын Америка кызыкчылыгына каршы маселе жаратпоосун жана андагы Америка базаларына карата кысым болбостон туруктуу сакталуусун каалап жатат. Америка Катардын артында Британия тургандыгын да абдан жашкы билет. Эгер Катар Булуң мамлекеттеринин биримдигинен чыгып кетсе, ар түрдү ыкмалар менен Американын андагы базаларына карата мүшкүлдөрдү келтирип чыгарышын да түшүнөт. Мына ушундайча, Америка Катарды Саудия жетеги астында Америка кызыкчылыгын ишке ашырып, ошол эле маалда Булуң биримдигинде калуусун да каалап жатат…
Ал эми, Британия Катардын Булуң мамлекеттеринин биримдигинде калуусун каалайт. Анткени, Катар ушул биримдикте калуу менен “сырты жылтырак ичи калтырак” абалда арттан сокку бере турган Британия кызыкчылыгын ишке ашырып берүүгө жарай алат. Ошондуктан, жогоруда айтып өткөнүбүздөй басымдуу көз караш Катар менен Булуң өлкөлөрүнүн ортосундагы алаканын үзүлүшүн дабалоо “дартты күйгүзүү” жолу менен болбой турганын көргөзүп турат. Муну төмөндөгү нерселерден билүүгө болот:
А) Трамптын 2017. 06. 09 берген билдирүүсү Катар үчүн орточо чечим калтырбагандыгын көргөзүп турат. Ал билдирүүсүндө, “Тилекке каршы, Катар мамлекетинин терроризмди жогорку деңгээлде каржылап келүүсүнүн узун тарыхы бар. Самиттин алкагында бардык өлкөлөр Катарга каршы туруу боюнча бир пикирге келиштик. Биз терроризмди каржылоону токтотуубуз зарыл. Мен ТИМ жана Америка армиясынын генералдары менен бирге Катардын терроризмди каржылоосун токтотууга чакыра турган токтом кабыл алдым”,- деди. (“Седьмой день” 2017. 06. 09) Маалым болгондой, Катар өз саясатын өзү белгилебейт, балким аны Британия белгилейт. Британиянын учурдагы саясаты Америкага ачык түрдө конфронтацияга барбайт. Айрыкча азыркы учурда, ал ЕБден чыгып Америкага сыртынан болсо да жандашууга урунуп жаткан учурунда бул мүмкүн эмес.
Б) Трамптын менталитеттик түшүнүгүндө капиталисттик түшүнүк басымдуулук кылат. Ал соодагер. Эгер, Катар Трампты азгыра турган каражат сунуштай алса, анда Трамп Катарга карата орточо чечимди кабыл алууну Саудияга буйруйт! Дүйнөлүк саясат институндагы (“World Policy Institut) Америкалык эксперт Джонатан Кристол, “Саудия, Миср, БАЭ, Бахрейндин Катар менен алакасын үзүүгө таасир өткөрүп жаткан нерсе, Дональд Трамптын Ак үйдө турушу менен бирге акча болуп саналат. Катар менен Саудия ортосунда жүз берген дипломатиялык жана экономикалык кризисти Катар – Америка жана Саудия баштаган союздар менен акчалай кызматашуу аркылуу жайгара алышы мүмкүн” деди. (“Арабия 21” 2017. 06. 06) Башкача айтканда, басымдуу чечим бул Катардын акча бериши же анын толук моюн сунуусу болуп саналат! Биз айтып өткөндөй, басымдуу көз караш Катар өз саясатын өзү белгилебейт, балким аны Британия белгилейт. Эгер, Британия Катарды Булуң мамлекеттеринин биримдигинен чыгып кетүүсү Британия кызыкчыгына дал келет деп билсе, анда аны андан чыгарат. Эгер дал келбейт деп билсе аны ал биримдикте калтырат!
6. Корутундулап айтканда, Катар менен алаканы үзүү бабында Америка малайлары Саудия, Миср жана аларга эргешкендерден жакшылык күтүүгө болбойт. Алар бүгүн, эртең кулай турган тактыларын сактап калуу максатында мусулмандарды алардын өлкөлөрүн Ислам душмандарынын колдоруна салып берүүдө. Ошондой эле, Британия артынан тилин салаңдатып чуркап, мусулмандарга заарын чача турган, Британия кызыкчылыгын ишке ашырууга аракет кылып жаткан “шишиген арстандын кебетесин кийген” Катардан да жакшылык күтүүгө болбойт. Ал Американын эң ири базасын өз аймагында жайгашуусуна жол ачып берди. Ал базалардан Сирия, Ирактагы мусулман калкын бүлгүнгө салуу үчүн учактар асманга көтөрүлүүдө. Ал Хамас Фатх менен жакындашып, алардын чегинүүлөргө баруусу үчүн Израил менен тыгыз кызматашттык алып барды. Ошондой эле, Сирияда Сирия режими менен сүйлөшүүлөргө баруу үчүн Сириядагы кээ бир жамааттарды каржылады. Мына ушуну менен бирге, Катар өзүнүн ууланган акчасы менен Сириядагы кээ бир жамааттардын исламий пикирлерин өзгөртүп, чегинүүлөргө барууга азгырды… Ушунун баары ага карата Британия тарабынан сызылып берилген саясий ролдун негизинде ишке ашты. Ошондуктан, жамандын жакшыраагы деген жүйө менен жамандын жакшыраагын мактоо же ага эргешүү мүмкүн эмес. Анткени, Үммөттүн көйгөйү жамандын жакшыраагы таразасы менен чечилбейт. Тескерисинче, акыйкат жана батылды таразалай турган тараза менен чечилет. Үммөт Аллага анын Расулуна жана момундарга кыянаттык кыла турган баардык режимдерди четке кагуулары зарыл. Үммөт Ыкластуулар менен бирге бул түзүмдөрдү түп тамыры менен жок кылып, адилеттүүлүктү тарата турган Халифалыкты тикелөө жолунда бирге кызмат кылуусу зарыл. Халифалык мамлекети гана Ислам жана мусулмандардын улуулугун кайтарат жана аларды бакубат жашоодо жашоолорун камсыздайт. Мына ошондо гана, Трамп жана ага окшогон анын малай куйруктары өз жерлеринде кор болушат (Аллах өз ишине үстөм, бирок муну көпчүлүгү билишпейт.)
2017. 06. 11