Атамбаев: ШКУ банкын түзүүгө убакыт келди
“24.kg” сайтынын кабарына ылайык, Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун өнүктүрүү банкын түзүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Астана шаарында өтүп жаткан ШКУ саммитинде айтты.
“Соода-экономикалык байланышты өнүктүрүүнү натыйжалуу иштеп чыгуу, аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө кызмат кылат. Ушуга ылайык, ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү маселесин карап чыгууга убакыт келди”,- деди Атамбаев.
Анын айтымында, Кыргызстан ШКУну түзгөн мамлекеттердин бири катары уюмдун банкын түзүүнү жана анын Бишкекте жайгашуусун сунуштап келет. Атамбаев о.э Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна да көңүл буруп, негизги маселелерди иштеп чыкпай туруп, интеграция жараяндарын тездетүү мүмкүн эмес экенин билдирди.
“Бул пикирлер ШКУнун 2025-жылга чейин иштеп чыгылган стратегиясы жана БУУнун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибине ылайык келет. Ошондуктан, мен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна көңүл бурулушун каалайм. Биз уюмга мүчө мамлекеттер арасында туризм тармагында кызматташууну ишке салуу долбоорун да колдоп-кубаттайбыз”,- деди Атамбаев.