Тереза Мэй: Экстремисттик идеологияга ашыкча сабырдуулук кылдык

413
0

Тереза Мэй: Экстремисттик идеологияга ашыкча сабырдуулук кылдык

Англия премьер министри Тереза Мэй, Лондон көпүрөсүндө уюштурулган кол салууну каралаган билдирүүсүндө, Британия экстремисттик идеологияга жана радикал Исламга (тагыраагы саясий Исламга) ашыкча сабырдуулук көрсөткөнүн айтып, “жетет эми”,- деди.

Тереза Мэй, кеминде 7 кишинин өмүрү кыйылганы жана 48 киши жараат алганы айтылып жаткан кол салуунун артынан мамлекеттин терроризмге (Исламга) каршы күрөштөгү стратегиясын кайрадан карап чыгышын билдирди. Ал карап чыга турган коопсуздук чараларынын арасында «жаман идеология» катары белгиленген Исламга каршы күрөш, “радикал исламий” кыймылдардын интернеттеги ишмердүүлүгүн чектөө жана коомго радикализмди түшүндүрүү, а түгүл буга каршы күрөшүү орун алган.

Британ премьери бүгүн эртең менен өткөрүлгөн коопсуздук жыйынынан соң маалымат каражаттарына берген баянатында, “Абал мурункудай улана берет деп айта албайбыз. Терроризмдин (Исламдын) жаңы коркунучтарын башыбыздан өткөрүп жатабыз”,- деди.

Мындан тышкары, өкмөт башчы “Бил мамлекетибизде экстремизмге карата абдан сабыр кылдык. Эми айрым оор кырдаалдарды башыбыздан өткөрүшүбүз мүмкүн. Бирок, мындан ары бул абал өзгөрүшү керек. “Токтот”, дей турган убакыт келди”, деп кошумчалады.

Лондондогу кол салуулар артынан АКШ президенти Дональд Трамп, өзүнүн твиттер тармагы аркылуу сергек болууга жана терроризмге каршы чечкиндүү чаралар көрүүгө чакырды. Трамптын билдиришинче, коопсуздук чарасы катары мамлекетке кирүү пункттарында чектөөлөр киргизүү зарыл.

Туркистон: 

Дүйнөдө жүз берип жаткан бардык кылмыштар, алар жеке же жалпы кыргындар болушуна карабай, баары бир гана кызыкчылык жана максатты көздөп ишке ашырылууда. Бул максат, кылмыш ишке ашкандан соң ачыкка чыгууда. Маселен, Нью Йорктогу белгилүү 11-сентябрь окуясын ишке ашырган чыныгы кылмышкерди табуу үчүн АКШнын ушул окуядан өз максаты үчүн пайдаланганына назар салуу жетиштүү. Тагыраагы, АКШ Афганистан менен Иракка согуш ачуу кызыкчылыгын мурун эле максат кылып белгилеген. Кийин, ушул максатына жол ачып бере турган иштер тууралуу пикирлей баштаган. Иракка каршы дүйнөлүк коалиция түзүү керек болгону үчүн, ал ушул дүйнөлүк соода борборун араб улутуна таандык адамдардын атынан жардырып жиберген. Бул, жөнөкөй логика менен түшүнүп алуу мүмкүн болгон акыйкат.

Англия да, дүйнөлүк тажрыйбадан пайдаланып, өз жарандарын жардырып жиберди. Кийин жасалма кылмышкерлерге каршы коомдук пикир пайда кылып, артынан Ислам жана мусулмандардын акы-укуктарын чектей турган бир катар мыйзам эрежелерин жарыяламакчы. Максат, АКШ баш болуп алып барып жаткан Ислам жана мусулмандарга каршы дүйнөлүк  куфр кербенине кошулуп алуу.

Батыш дүйнөсү, Ислам жана мусулмандарга каршы биригип барууда. Эл аралык саясат да, исламий өлкөлөргө басым өткөрүүдө жана аларга зулум кылууда бири-бирине раддия билдирбестен келишип алышты. Алар Ислам дүйнөсүнө каршы узак жана олуттуу согушка даярданып, стратегия менен аракеттенишүүдө!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here