Катар өкмөтү согушкерлерге 1 млрд доллар төлөгөн

424
0

Катар өкмөтү согушкерлерге 1 млрд доллар төлөгөн

            Иракта корол үй-бүлөсү бошотулушу үчүн Катар өкмөтү тарабынан 1 млрд доллар каражат төлөнгөн. Бул тууралуу Financial Times агенттиги кабарлады.

            Ушул каржат королдун 26 адамы бошотулушу үчүн төлөнгөн. Кабарда айтылышынча, Катар өкмөтү бул акчаларды Сириядагы “Аль-Каида” уюму менен байланыштуу тайпаларга жана Иран коопсуздук кызматына берген. Бул келишим апрель айында ишке ашырылган.

            РИА Новостинин кабарында, уурдалган адамдар арасында Катар королунун үй-бүлө мүчөлөрү да болгон. Туткунга алынган адамдарды бошотуу тууралуу Иран, Катар жана “Хизбулла” уюму ортосунда сүйлөшүүлөр алып барылган. Ушул жылдын апрель айында 26 адам бошотулуп, Ирандагы Катар элчилигине тапшырылган.

            Кабарда айтылышынча, 2015-жылы декабрь айында аскерий кийимде болгон белгисиз адамдар тарабынан Наджаф чөлүнө жакын аң улоочу лагерден катарлык жарандар уурдалган.

            Дүйшөмбү күнү, Миср, Саудия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар менен дипломатиялык алакаларды токтотконун жарыялашкан. Алар Катарга террордук уюмдарды колдоп-кубаттайт деген кине коюшкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here