Булуң мамлекеттеринде дипломатиялык кризис

445
0

Булуң мамлекеттеринде дипломатиялык кризис

Сауд Арабия, Бахрейн, Миср жана Бириккен Араб Эмирлиги мамлекеттик коопсуздукту камсыздоону шылтоо кылып, Катар менен болгон бардык дипломатиялык алакаларды үзүшкөнүн жарыя кылышты. Бул төрт мамлекет Катарга аба, деңиз жана кургактыктагы жолдорун жаап койду. О.э Катар дипломаттарынан 48 саат ичинде мамлекетти таштап кетүүлөрүн талап кылышты. Катарлыктар бир гана Хаж жана Умра ибадаттары үчүн Сауд Арабияга кире алат. Бул да үчүнчү мамлекеттер аркылуу ишке ашырылат. Бир күндөн кийин бул мамлекеттердин катарына Ливия, Йемен жана Малдив Республикалары да кошулду. Катар Йеменде Иран тарабынан колдоп-кубатталган Хусийлерге каршы түзүлгөн эл аралык коалициядан да чыгарылды.

Бул мамлекеттер Катарды экстремисттик уюмдарды колдоп, аларга каржылык колдоо көрсөтүп, аймактагы туруксуздукка жол берип жатат деп айыпташты. Алардын бири Сауд Арабия өзүнүн баянатында, бул аракет королдукту терроризм жана экстремизмден коргоо үчүн зарыл кадам болгонун билдирди. Расмий баяндамада, “Биз бардык бир тууган өлкөлөрдү ушундай кылууга чакырабыз” деп айтылат.

Бахрейн тышкы иштер министри да мамлекет коопсуздугу үчүн Катар менен бардык дипломатиялык алакаларды үзгөндүгүн жарыялады. Бахрейнде жашаган же саякат кылуу үчүн келген Катар жарандарынан 14 күн ичинде мамлекетти таштап кетүү талап кылынды.

Катар тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазма баянатта, жогоруда айтып өтүлгөн мамлекеттердин Катар менен дипломатиялык мамилени үзгөндүгү өкүнүч менен билдирилди. Баянатта, бул чечим негизсиз, акыйкатка тескери далилдерге таянылып кабыл алынганы айтылат. Аль Жазира теле көрсөтүүсүнө интервью берген Катар тышкы иштер министри “Биз бул адилетсиз чечимге аябай өкүндүк”,- деди.

О.э жогорудагы билдирүүдө, Катар мамлекети Булуң кызматташтык кеңешинин активдүү мүчөсү болуп келгени, Булуң кызматташтык кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге моюн сунганы, башка мамлекеттердин суверенитеттүүлүгүн урмат кылгандыгы, башка мамлекеттердин ички иштерине аралашпагандыгы, өзүнүн миссиясы катары терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүп келгени айтылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here