Путин: Олуттуу коркунучтун каршысында турабыз

300
0

Путин: Олуттуу коркунучтун каршысында турабыз

Россия Президенти Владимир Путин, узак мөөнөттүү жана акыбетин алдын ала билүү мүмкүн болбогон олуттуу коркунучтун каршысында турганын маалымдады. Анын айтымында, азыркы мезгил геосаясий карама-каршылыктар менен алектене турган учур эмес.

Путин Санк-Петербургда катышкан эл аралык экономикалык форумда айткан сөзүндө, “Биз узак мөөнөттүү коркунучка туш келип жатабыз. Ал коркунучту алдын ала билүү же тескерисин божомолдоо кыйын”,- деди.

Ал, “учурда эл аралык коомдун күчүн карама-каршылыктар жана геосаясий оюндарга сарптоо, мындай нерселер менен убакыт өткөрүү мүмкүн эмес” экенин кошумчалады.

Россия президенти өзгөчө чечим издөөдө, мамлекеттер ортосундагы кызматташуу жана регионалдык бүтүндүктү ишке ашыруу, а түгүл бизнес-чөйрөлөр менен окумуштуулар арасында биримдикти пайда кылуу үчүн данакерлик, жоопкерчилик жана кызматташтык зарыл экенин билдирди.

Президенттин мындай билдирүүсү артынан, Россия коргоо министринин орун басары генерал-лейтенант Александр Фомин Москва терроризмге (Исламга) каршы күрөш үчүн кең көлөмдүү эл аралык коалиция түзүүдө бардык тараптар менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Фомин жекшемби күнү Сингапурда болуп өткөн “Шангри-Ла” аттуу регионалдык коопсуздук саммитиндеги билдирүүсүндө терроризмдин (Исламдын) коркунучу тууралуу айтып өттү. Фоминдин билдиришинче, терроризм (Ислам) глобалдык маселеге айланып, бардык мамлекетти бутага алууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here