Абактарда радикалдашуунун алдын алуу маселеси талкууланды
“Азаттык” радиосу берген кабарга ылайык, 2-июнь күнү Бишкек шаарында абактарда радикалдашуунун алдын алууга байланыштуу эл аралык тажрыйбаны талдаган тегерек үстөл болуп өттү.
Жыйында, терроризм жана экстремизм беренелери менен соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын абактардагы башка камалгандарга болгон таасирин чектөө шарттары талкууланды. О.э талкуунун жүрүшүндө диний идеологияга азгырган, экстремизм жана терроризм агымдарынын социалдык базасы кеңейип жатканы айтылды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров абак жайларындагы шарт катардагы соттолуучулардын радикалдашуусуна өбөлгө түзүп жатканын белгиледи.
Маалым болгондой, кыргыз абактарында диний радикализм менен соттолгондорду башка кылмыштар менен кесилгендерден бөлүп, өзүнчө кармоо иш-чарасы 2016-жылдын соңунда башталган.
Диний экстремизм боюнча соттолгондор Чүй облусундагы №27, 47 жана 3-абакта кармалат. Алар камераларда өз-өзүнчө кармоо конституциялык укуктарына каршы келерин жана мындай шартта одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын билдиришип, быйыл январда ачкачылык жарыялашкан. Аларды колдоо иретинде социалдык тармактарда да бир нече акциялар болуп өткөн.