Кыргызстан да даъватка тыюу салуу аракетине киришти
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия даъват иштерине тыюу салуучу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
“Үйлөрдү кыдырып диний үгүт иштерин жүргүзүү мыйзамга ылайык эмес, психологиялык жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттерге тыюу салынат”,- деп айтылат документте.
О.э. жогорудагы эрежени бузгандар админстративдик мыйзамга ылайык жазага тартылат.
Мындан тышкары, Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, аудио-видео материалдар жана электрондук сактагычтарга о.э. Кыргызстанга диний уюмдар тарабынан алынып келинген диний адабияттарга дин иштери боюнча мамлекеттик орган тастыктаган жобого ылайык диний экспертиза дайындоо жана ишке ашыруу укугуна ээ болот.
Туркистон: Казакстан менен Россия бийликтери Кыргызстанга “Таблиг” жамаатын экстремисттик уюмдар катарына кошуусу үчүн ар тараптуу басымдарды өткөрүп келишет. Таблиг жамааты ар бир иш-аракетин күч түзүмдөрүнүн уруксаты жана көзөмөлү астында ачык алып барышат. Ошого карабастан, эл аралык саясат ислам жана мусулмандарга каршы жүрүп жатат. Ошондуктан, “Таблиг жамааты” болобу же Мисирдеги “Ихванул муслим” болобу айырмасыз, дүйнөлүк куфр системасы ар бир исламий аракетте өзү үчүн кооп-коркунуч көрөт! Бул исламий жамааттар, куфр системасы негизиндеги бийликтер менен алаканы канчалык бекемдесе да, алар менен биригип, элдин кызыкчылыгын коргоо үчүн паралель аракеттенишсе да, баарыбир коомдо исламий кызыкчылыктар жүзөгө чыкпайт. Мындай ишке, Мурси башчылыгындагы “Ихванул муслим” жамаатына Мисир бийлигин тапшырып коюшканда исламий кызыкчылыктар жүзөгө чыкпай, тескерисинче, куфр күчөп, миңдеген мусулмандарды өлтүрүп, камап жибергенде күбө болдук.
Кыргызстан да, кумсалыкка тыюу салбаган, сойкуларды коргогон, арак соодасын адал кылып алган куфр системасы негизиндеги башкаруу өкүм сүрүүдө. Аны менен кызматташуу аркылуу Ислам жана мусулмандарды азиз кылуу мүмкүн эмес. Тескерисинче, бийликти Ислам жана мусулмандарга каршы саясаты менен аракеттеринде мухасаба кылып (тергеп-тескеп) баруу керек. Анын зулуму астында калган мазлум мусулмандар менен бирге туруп, бардык исламий аракеттерибизде жаманатты кылуучунун жаманттысынан коркпой, акыйкат жолдо сүннөткө ылайык аракеттенип, кудум сахабалардай сабыр жана бекемдик көрсөтүшүбүз керек.
Биз т.а. бардык исламий кыймылдардын өкүлдөрү жана жекече даъват жүгүн көтөрүп чыккан мусулмандар, ишмердүүлүгүбүздө Аллахка гана тобокел кылып, бири-бирибизди акыйкат үстүндө куфр саясатынан коргоп, бир денеге айлануу менен, исламий баалуулуктарыбызды, даъватты жана мусулмандар кызыкчылыктарын коргоп барышыбыз керек. Исламий даъватты куфр менен кызматташкан абалда жана анын коргоосу астында алып баруу мүмкүн эмес. Куфр системасы исламий ишмердүүлүктөн өзүнүн кызыкчылыгы жолунда пайдаланмакчы болот. Күч түзүмү жана мамлекеттик аппарат куфрдун колунда болгондуктан, алар куфр системасынын кызыкчылыгына тескери келип жаткан, же куфрга кызмат кылуудан баш тартып жаткан бардык исламий иш-аракеттерге тыюу салышат. Андан тышкары, дүйнөлүк жетекчи мамлекеттер өз кызыкчылыгынан келип чыгып, исламий аракеттерге мамилесин өзгөртүп калышы да мүмкүн. Жогоруда, эч кандай кооп-коркунучу болбогон даъватка да тыюу салынганы турат.
Биз үчүн ар кандай исламий аракет өтө маанилүү. Ал эми ар кандай куфр негизиндеги аракеттер биз үчүн өтө кооптуу жана зыяндуу. Ал тургай, бул аракеттерди мусулмандар ишке ашырып жаткан болсо да. Ошондуктан, коомдук талкууга коюлган даъватка тыюу салуу жөнүндөгү бардык пикирлерди мусулмандар четке кагышы керек. Бул нерсе, шайлоонун алдында бирер кызыкчылыкты көздөгөн долбоор негизинде иштелип чыккан айла-амал болушунун, же болбосо, эл аралык саясаттын басымы астында иштелип чыккан багыт болушунун да айырмасы жок.
Эй мусулмандар, Даъват жана даъватчыларды зулумдан жана залимдерден коргоо ар бир мусулман үчүн фарзу кифая болуп, коргоо үчүн күч-кубат жетиштүү жана натыйжалуу болбой жаткандыктан, аны коргоого болгон мүмкүнчүлүгү менен аракет кылуу ар бир мусулманга важиб болуп тура берет!!!