Россия терроризм айыбы менен соттолгондорду жарандыктан чыгарат

260
0

Россия терроризм айыбы менен соттолгондорду жарандыктан чыгарат
Россияда терроризм менен соттолгондорду жарандыктан чыгаруу туурасында мыйзам долбоору даярдалды. “Единая Россия” партиясынын жетекчиси Владимир Васильев, «Справедливая Россия»нын башчысы Сергей Миронов, Коммунисттик партиянын башчысы Геннадий Зюганов жана “ЛДПР” партиясынын башчысы Владимир Жириновскийлер даярдаган мыйзам долбоору РФ Мамлекеттик Думасына сунушталды.
Аталган мыйзам долбооруна ылайык, башка өлкөлөрдө төрөлүп, кийинчерээк Россия жарандыгын алган адамдар, эгерде террорчулук айыбы менен соттоло турган болсо, Россия жарандыгынан чыгарылат. Депутаттар бул мыйзам долбоору Россия үчүн терроризмге каршы күрөштө кошумча каражат болушун жана Россия жарандыгын алган адамдардын кылмышка баруусунун алдын алууда пайдалуу болушун айтышууда. Бул мыйзам долбоору Крым татарларына да тиешелүү. Себеби, алар да Россия жарандыгын кийинчерээк алган адамдар болуп эсептелишет.
Белгилүү болгондой, 2014-жылы 26-февраль күнү Крым парламентинин алдында өткөрүлгөн нааразылык акциялары Крымдын куурчак парламенти өткөрүп жаткан “референдум”га добуш берүүгө тоскоолдук кылган эле. Андан кийин, баскынчы Россия өкмөтү “26-февраль башаламандыктары” боюнча иш козгоп, ошол акцияга катышкандарды кылмыш жоопкерчилигине тарта баштаган. Натыйжада, бир нече мусулмандар айыпсыз болуп туруп соттолушту.
РФ коопсуздук кызматы (ФСБ) Россияда тыюу салынган Хизб ут-Тахрирди шылтоолоп, басып алынган Крымдын мусулман калкына басым өткөрүүдө. Коопсуздук күчтөрү терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда үйлөргө бастырып кирип, мыйзамсыз тинтүүлөр аркылуу мусулмандарды камакка алууда.
Элүүдөн ашуун мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Хизб ут-Тахрир эч кандай зомбулукка аралашпастыгы далилденген болсо да, Россия бийлиги аны террористтик уюмдардын тизмесине киргизип, Хизб мүчөлөрүн камакка алууну улантууда.
Бүгүнкү күнгө чейин Крымда Хизб ут-Тахрирге мүчө болгондук айыбы менен 19 адам кармалган. Алар саясий себептер менен террорчулар жана экстремисттер тизмесине киргизилген. Мындан тышкары, Крымда куугунтукка учураган журналист Николай Сэмэна, Крым татар улуттук Межлисинин төрагасынын орун басары Илми Умеров, Украина депутаты о.э. Крым татар улуттук Межлисинин төрагасы Рефат Чубаров, Крым жарандык координатору Ленар Исламов жана Крым татар облусттук Кеңешинин мүчөсү Сулейман Кадыровдор да аталган тизмеге киргизилишкен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here