Индонезияда Халифалык долбоору

379
0

Индонезияда Халифалык долбоору

Дүйнөнүн элүүдөн ашуун өлкөлөрүндө Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн пикирий жана саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Хизб ут-Тахрир уюму, Индонезияда Ражаб айынын биринчи күнүнөн баштап “Халифалыктын жок кылынышы” аттуу программа үстүндө иш алып барууда. Учурда мамлекеттеги 36 шаарда Халифалык жок кылынгандыгын Ислам Үммөтүнүн эсине салуу үчүн  кеңири масштабдуу иш-чаралар жүрүп жатат.

Ар түрдүү транспорттор, айрыкча мотоциклдер катышуусунда кеңири масштабдуу акциялар жүрүп жатат. Шаарлардын борбордук көчөлөрүндө уюштурулган акцияларда Халифалык түзүмүнүн маанилүү экендигине Расулуллахтын (Соллаллаху алайхи ва саллам) “Укоб” жана “Роя” байрактары аркылуу бардык адамдардын этибары тартылууда. Адамдардын алсыз акылы тарабынан иштелип чыккан демократиялык илманий түзүмдүн зулматы ордуна Халифалык түзүмүнүн нуру сунушталууда.

Хизб ут-Тахрир башчылыгында ишке ашырылып жаткан бул иш-чара – инша Аллах –  23-апрель, жекшемби күнү “Халифалык конференциясы” менен аяктайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here