АКШнын Сирияга сокку бериши артынан жүзөгө келген айрым бүдөмүк жагдайлар

426
0

АКШнын Сирияга сокку бериши артынан жүзөгө келген айрым бүдөмүк жагдайлар

Соңку күндөрдө Сирияда химиялык куралды иштеткен Асад режимине каршы эл аралык коомчулук бутка турду жана ар тараптан билдирүүлөр бериле баштады. АКШ президенти Дональд Трамп да Асадга карата мамилеси өзгөргөнүн маалым кылды жана аны кызыл сызыктан өтүп кетти деп айыптады. Ошондон соң жума күнү таңда АКШ самолёттору Сириянын Шайрат базасына абадан чабуул уюштурду.

Чабуул башталышы менен мурунтан даяр турган дүйнөдөгү маалымат каражаттары “кызуу” кабарларды тарата баштады. Батыш ЖМКларынаы алгачкы тараткан маалыматтарына ылайык, АКШ Асад режимине каршы “чыныгы чабуулду” баштаган.

Бирок Асад режиминин “бул чабуулдан кабарыбыз бар эле” деген билдирүүсү жана анын артынан ачыкка чыккан кээ бир тасмаларда көрсөтүлгөн базадагы танктар, самолёттор, радар жана курал түзүмдөрү эч бири зыян көрбөгөн абалда өз ордунда турушу АКШ чабуулу “спектакль” экенине ишара кылууда.

Тасмаларда көрүнүп тургандай, базанын ээн жерлери соккуга кабылган. Самолёттор, вертолёттор, танктар жана радар түзүмдөрү зыян көрбөгөн. Мындан тышкары, АКШ өзүнүн чабуулдары жөнүндө Россияга кабар бериши артынан Дамаск бийлиги Шайрат авиа базасынан кызматкерлерин чыгарып кеткени тууралуу кабарлар да тарады. Мисир маалымат агенттиктери маалымдаган кабарларга ылайык, Касиюн тоосундагы аскерий лагерлер “АКШдан күтүлүп жаткан чабуул” себептүү алдын ала эвакуация кылынган.

Бул маалыматтар артынан ушундай суроолор жаралышы табигый:

АКШ Асад режимине каршы чабуул баштаса, анда чабуул убагын жана жайын эмне үчүн алдын ала Россияга маалым кылды? Негизи, Россия бул жөнүндө Асадды кабардар кылышы АКШга маалым эмеспи?

Чабуулдан мурун Иран жана Россия командачылары авиа базасынан алып чыгып кетилиши бу чабуул келишилген абалда ишке ашырылганына далалат кылбайбы?

Шайрат авиа базасы согушта активдүү катышып жаткан базалардан эмес эле. Акыркы кездерде ремонтко муктаж болуп калгандыктан ремонт да өткөрүлгөн. Стратегиялык база да болбогон. Бу базанын колдонулбай калышы анын мааниге ээ эместигин көрсөтпөйбү?

Асад режимине караштуу Маядин маалымат агенттиги авиа базаларындагы самолёттор чабуулдан мурун эвакуация кылынганы туурасында кабар таратты. Ошондой болгон соң, АКШ эмне үчүн ээн калтырылган аскерий базаларга чабуул кылды?

Американын Сирия авиа базасына чабуулу көргөзмө үчүн, Идлиб окуясы артынан мусулмандардын кыжырын бастыруу үчүн ишке ашырылганын көрсөтүп жаткан жокпу?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here