Америка, Россия жана Түркия башкы командирлери Анталияда жолугушуу өткөрдү
Түркия куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы генерал Хулуси Акардын айтканына карганда, АКШ армиясынын баш командири генерал Жозеф Дунфорд жана Россия Федерациясынын штаб башчысы Валерий Герасимов расмий сапар менен Түркияга келишти.
Үч мамлекеттин баш командирлеринин катышуусунда Сирия жана Ирак маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушуудан кийин баянат берген Түркия баш командири Хулуси Акар жолугушуу учурунда Сирияда иш жүргүзүп жаткан террорчу (Жихадий) топторго каршы күрөштөр туурасында акыркы абал талкуулангандыгын билдирди.
“Тараптар Сирия жана Ирактагы аймактык коопсуздук маселелери, өзгөчө Сирияда иш жүргүзүп жаткан террорчу топторго каршы күрөштөр туурасындагы акыркы абал жөнүндө пикир алмашылды. Мындан тышкары, келечекте бардык террорчу уюмдарга каршы дагы да жемиштүү күрөш алып баруу максатында, ишке ашышы мүмкүн болгон жаман окуялардын алдын алууда колдонула турган кошумча иш-чаралар да үч мамлекеттин куралдуу күчтөрү ортосунда көрүп чыгылды”, делет Түркия куралдуу күчтөр штаб башчысы тарабынан берилген жазма баянатта.
Ушул эле убакта АКШ мам департаментинин басма-сөз катчысы Марк Тонер Сириянын Манбич шаарында бири-бирине жакын жайгашкан бир нече мамлекеттерге караштуу куралдуу күчтөр ортосунда күтүлбөгөн абал жүзөгө келиши мүмкүндүгүн билдирди.
“Кичинекей бир майданда бири-бирине жакын жайгашкан куралдуу күчтөр ортосунда керексиз жаман окуялар ишке ашуусун каалабайбыз, ошентсе да, абал курч”, деди Марк Тонер.