Трамп: Американын руху жаңыланды

312
0

Трамп: Американын руху жаңыланды

АКШ Конгресси алдында биринчи жолу сөзгө чыккан Дональд Трамп президенттик кызматты баштаганына бир жарым ай өткөндүгүнө карабастан, адатта Америка президенттери кеминде бир жыл кызмат кылгандан кийин сүйлөй турган сөздү сүйлөдү. Трамп сөзүн АКШ “жамандык”тарга каршы бириккендигин баса белгилөө менен баштап, “Американы кайрадан улуу күчкө айландыралы” деген ураанга көңүлдү бурду. Өлүп бара жаткан өнөржайды жандандыра тургандыгын, армияны зарыл болгон ресурстар менен камсыздай тургандыгын жана чөгүп бара жаткан инфраструктураны жаңы жолдор, көпүрөлөр, аэропортторду куруу аркылуу кайрадан тикелешин билдирген Трамп президенттик кызматын баштагандан бери кыска убакыттын ичинде рекорддук утуштарга жетишкендигин айтты.

О.э. тогуз жылдан кийин, АКШ түзүлгөндүгүнүн 250 жылдыгын белгилөөгө катыша тургандыгын, кийинки муунга кандай өлкө калышы туурасында ойлонуу керектигин кошумчалады. Айрыкча, Американын руху жаңылангандыгын кайра-кайра кайталаган АКШ жетекчиси радикалдык Исламий террорго каршы күрөшүү үчүн жаңы кадамдар ташталгандыгын да айтып өттү.

Башка тараптан Трамп НАТОго ишенимдүүлүгү уланышын, бирок НАТОнун мүчөлөрү мойнундагы төлөмдөрдү төлөп коюшу зарыл экендигин да айтып өттү.

Трамп көптөгөн убакыттан бери АКШнын инвестиция базарлары жана байлыктары чет өлкөлөргө карай аккандыгын кошумчалап: “Бир глобалдык долбоордун артынан башка глобалдык долбоор түздүк, балдарыбыздын келечегине кайдыгер болдук. Башка өлкөлөрдүн чегараларын коргодук, бирок, өзүбүздүн чегараларды бардыгына ачып бердик”, – деди.

Туркистон:

Дональд Трамп бардык кайрылуу жана сөздөрү менен АКШнын дүйнөгө өкүмдарлык даабасын жана текебердигин ачык көрсөтүп жаткан кишилердин бири. Трамп шайлоо кампаниясында да тынымсыз “кудуреттүү АКШ” ураанын көтөргөн эле.

Ырасында Трамп АКШнын күчөшүн каалаган соң, демек, үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин жана орточо абалдагы мамлекеттердин, айрыкча Исламий өлкөлөрдө жайгашкан мамлекеттердин кыйынчылыктары азыркыдан да көбөйөт. Себеби, капитализм түзүмүнө негизделген капиталисттик мамлекет, алсыз мамлекеттерди эзүү, ач калтыруу, ооруларга дуушар кылуу аркылуу күчөйт. Т.а. капиталисттик түзүмгө негизделген мамлекет өзү күчөшү үчүн ар кандай жийиркеничтүү иштен кайра тартпайт.

Трамп дүйнөдө бир гана АКШнын күчтүү болушу тууралуу сөз кылып жатат. Бул болсо, “АКШ дүйнөлүк саясатта эч кимди шерик кылбайт, бир иш кыла турган болсо, ал ишти БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талкууга коюп, анын чечими менен иш кылууга муктаждык жок” дегенди түшүндүрөт. Мындай ачык мамиле республикачылар партиясынын жолу.

Европа мамлекеттерине карата болсо: “Силер НАТОнун мүчөсү катары мойнуңардагы төлөмдөрдү ашыгы менен төлөөгө мажбурсуңар. Т.а. силер Россиядан коргонууну кааласаңар, көбүрөөк төлөшүңөр керек”, – дегендей мамиле кылууда.

Ушул кезге чейин АКШ дүйнөдө жүз берип жаткан согуштардын чыгымдарын башка мамлекеттерге жүктөп келген эле. Эми болсо, ошол мамлекеттерге “чыгымдарды да силер көтөрөсүңөр, анын үстүнө менин чөнтөгүмдү да толтуруп коёсуңар” демекчи болууда. Трамп билдирүүлөрүнүн биринде Ирак жана Ливия нефтисине көз артып жаткандыгын, Ирак нефтисинен 15 тириллион доллардык пайда күтүлүп жаткандыгын жана ал үчүн Саудия жана Булуң мамлекеттери чыгымдын дагы да көбүрөөк бөлүгүн моюнга алышы керектигин айткан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here