Путин февралдын аягында Борбор Азия өлкөлөрүнө сапар кылат
Россия президенти Владимир Путин 27-28-февраль күндөрү Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанга келет. Бул сапар Россиянын аталган мамлекеттер менен дипломатиялык алака орнотулганына 25-жыл толгондугуна байланыштуу ишке ашырылат. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Ушаковдун айтымында, Путин Тажикстанга кыска, бирок расмий эмес сапар менен барат. Сапардын маанилүү жери, Путин Тажикстандын президентине эки тараптуу мамиле жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Александр Невский” орденин тапшырат. О.э. Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловго да “Достук” орденин тапшырат.
Владимир Путиндин сапарынын алкагында эки тараптуу 7 келишимдин тастыкталышы күтүлүүдө, айрыкча, президенттердин “Россия менен Тажикстан ортосундагы алакалар принциптерин белгилеп берүүчү” ортоктош билдирүүгө кол коюлушу күтүлүүдө.
Юрий Ушаковдун айтымында, Владимир Путин менен Эмомали Рахмон “Тажикстандагы Россияга караштуу 201-аскерий база боюнча пикир алмашышат, себеби, ушул мамлекетте Россия базасынын болушу Борбор Азиядагы туруктуулук жана коопсуздук үчүн маанилүү о.э. экстремизм, терроризм жана мыйзамсыз наркотрафикке каршы күрөштө ийгиликтүү каражат болуп эсептелет.
Тажикстандыктар Путиндин келишинен Россиядан депортация кылынган мигранттардын кара тизмеден чыгарылышын күтүп жатышат. Жакында, Тажикстандын Россиядагы элчиканасындагы булак Россия 14 миңден 68 миңге чейин тажик мигранттарын кара тизмеден чыгарышы мүмкүн экендигин билдирген.
28-февралда Владимир Путин Кыргызстанга келет.
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болот. Анда кыргыз-орус эки тараптуу мамилелеринин бардык спектри, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кызматташуунун бүтүндөй комплекси боюнча, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланат.