Эрдоган: Президенттик башкаруу системасынын шайлоосунда Халифалыкка эч кандай орун жок
Булуң мамлекеттерине расмий сапар уюштурган Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Саудия өкмөтүнө караштуу Ал-Арабия телеканалына интервью берди. Президент Эрдоган журналисттин “Халифалыкты кайрадан тикелөө сыяктуу бирер пикриңиз же каалооңуз барбы?”- деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди:
“Дүйнө күндөн-күнгө өзгөрүп барууда. Биз башкарууга кайсы системаны алып келүүнү каалап жатканыбызды жана кайсы жол абзел экендигин тынымсыз айтып келдик. Жакында референдум өткөрүлөт. Бул референдум президенттик башкарууга өтүү жөнүндө болот. Президенттик шайлоодо сиз сураган нерсеге таптакыр орун жок. Т.а. учурда Түркиянын Халифалык деген дарты жок, Халифалык проблемасы же ушул сыяктуу маселелер күн тартибине киргизилген эмес”.
Журналисттин илманийлик жөнүндө: “Сиз Ислам менен илманийлик түшүнүгүн чырайлуу көрүнүштө бириктире аласыз. Бул жаатта араб дүйнөсүнө кандай кеңеш берет элеңиз”, – деген суроосуна Эрдогандын жообу төмөнкүдөй болду:
“Мен Ислам дүйнөсү бул (Ислам менен илманийлик ортосундагы) байланыштуулукту эмнеге мынчалык кечиктирип жаткандыгына таң каламын. Биз партиябызды түзгөн учурда илманийликке айкындык киргиздик. Мурси президент болуп турган кезде Мисирге болгон сапарымда Каирде маалымат жыйынын өткөргөнбүз. Мен ошондо илманийликти түшүндүрүп бергем жана аны менен Исламдын ортосундагы мамилелерди ачыктап бергем. Ко-ош, биз түзгөн партиябыздагы илманийликтин аныктамасы эмнеден турат? Биринчиден, адамдар илманий болушпайт, мамлекет илманий болот. Илманийликте мамлекет бардык диний агымдарга бирдей назарда карайт. Ар бир дин өкүлдөрүнүн ишенимин коргоосуна алат. Мунун Исламга тескери келе турган жери барбы? Албетте, жок! А бирок, бүгүнкү күнгө чейин муну ар түрдүү түшүндүрүп жаткандар бар. Илманийликти ар түрдүү түшүнгөндөр болушу табигый көрүнүш. Европача илманийлик түшүнүгү бар, Англо-саксон мамлекеттериндеги илманийлик түшүнүгү бар, булардын бардыгы бири-биринен айырмаланат. Бирок, учурда биздин партияга тиешелүү илманийлик түшүнүгү булардан таптакыр башкача”.
Туркистон:
Илманийлик сөзү – бул динди мамлекеттен ажыратуу деген маанини түшүндүрөт. Бул болсо, Исламды намаз, орозо, зекет жана ажылык сыяктуу ибадаттарга гана чектөө о.э. саясаттан т.а. калктын иштерин башкаруудан алыстатуу дегени. Илманий мамлекетте түзүмдү адамдын өзү – бардык эркиндиктерди эсепке алган абалда – түзүшү керек.
Эрдоган илманийлик жөнүндө сүйлөп жатып, Исламды илманийликке маил кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Түпкүлүгүндө, Эрдогандын “Адамдар илманий болушпайт, мамлекет илманий болот” деген сөзү “мусулмандар илманий мамлекетте куфр мыйзамдары менен башкарылышат” деген маанини түшүндүрөт. “Илманийликте мамлекет бардык диний агымдарга бирдей назарда карайт” деген сөзү болсо “Ислам да, анын саясий жактары да башка диндер сыяктуу эле мамлекеттен ажыратылат” деген маанини түшүндүрөт. Акыйкатта болсо, Аллах Таала Куранда:
وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ
“Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер”(5:44) .
إِنْ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ
“Өкүм кылуу Аллахтын Өзүнө гана таандык”(6:57).
وَأَنْ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ
“(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын напис-каалоолоруна ээрчип кетпе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюшунан этият бол!”(5:49), – деп мусулмандардан жалаң гана шарият менен өкүм жүргүзүүнү катуу талап кылган. Калктардын иштерин башкарууда болсо шариятка кайрылуудан баш тарткан кишилерди болсо куфрга нисбат берүү менен эскерткен.
فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا
“Жок, (эй Мухаммад) Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорундагы келишпөөчүлүктөрдө сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча, эч качан момун боло алышпайт”. (4:65)
Мына ушул далилдерден кийин да “илманийлик Исламга тескери келбейт” деп айтуу мүмкүнбү?