Эрдоган Трамптын иштерине ийгилик каалады

487
2

Эрдоган Трамптын иштерине ийгилик каалады

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маек учурунда президент Эрдоган Исламга каршы күрөштү күчөтүүгө бел байлаган Трамптын иштерине ийгилик каалады. Эки президент “террор”дун ар кандай түрүнө каршы биргеликте күрөшүүнү улантууда олуттуу экендигин баса белгилешти.

Түркия президентинин маалымат кызматы берген билдирүүдө айтылышынча,  болжол менен 45 мүнөткө созулган сүйлөшүү учурунда президент Эрдоган Түркия-АКШ ар дайым союздаш жана дос болуп келгендигин баса белгилеген. Трамп да АКШнын стратегиялык өнөктөшү болгон Түркияны ар дайым колдоп кубаттай тургандыгын билдирип, Түркия менен эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүнү жана аймактык маселелер боюнча жакындан кызматташууну каалай тургандыгын билдирген.

Туркистон:

Белгилүү болгондой, Түркия расмийлери АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын кээ бир саясатына нааразы экендигин айтып келишкен эле. Себеби, Обама Түркияда террордук уюмдар тизмесине киргизилген YGP жана PYD сыяктуу топторду АКШ – ИШИМге (ИГИЛ) каршы күрөш шылтоосунда – заманбап курал-жарактар менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алган эле. Бүгүнкү күнгө келип, кээ бир Түркиялык расмийлер “АКШнын жаңы президенти мурдагы президенттин жогорудагы “каталарын” оңдойт” деген ойдо болушууда.

Түпкүлүгүндө, АКШда президенттер өзгөргөнү менен АКШнын саясаты өзгөрбөйт. Себеби, Американын саясаты президенттерге эмес, АКШнын башкаруу мекемесине көз каранды. Т.а. Америка саясатын мекемелер белгилейт жана аны президенттер ишке ашырат. Ар кандай президент – ал кайсы партиядан болушуна карабастан – Америкадагы башкаруу мекемелери белгилеп берген тышкы саясатты улантууга мажбур. Бул мекеме өзүнүн түзүмүнө өзгөртүү киргизмейинче АКШнын саясаты өзгөрбөйт.

“Жаңы президент келди, эми бул эски президенттин каталарын оңдойт. Мындан кийин алакабызда өзгөрүүлөр болот. Жаңы президент YGP жана PYD сыяктуу террорчуларды колдоодон баш тартат”, – деген сөздөр, болгону өзүн-өзү алдоо гана.

Ошондуктан, Трамптын келиши менен АКШ саясатында өзгөрүү пайда болушун күтүү саясий сокурдук болуп эсептелет. Себеби, АКШ саясаты идеологияга байланыштуу саясат болуп, индивидуалдык саясат эмес. Ушундан келип чыгып айтарыбыз, Ак үйгө Буш, Обама, Трамп же башкасынын келиши менен Исламга каршы күрөш токтоп калбайт. Себеби, бул президенттердин эмес, АКШ мамлекетинин саясаты болуп эсептелет. Болгону, ыкмаларда гана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мисалы, Буш Исламга каршы күрөштө аскерий ыкманы колдонгон болсо, Обама “аймактык кызматташтык” деген аталыш менен мусулмандарды өз ара согуштуруу ыкмасын тандады. Трамптын да партиялашы Буштун жолу менен жүрүшү күтүлүүдө. Эмнеси болгондо да, Исламга душмандык улана берет. Демек мындан белгилүү болгондой, АКШ президентинин иштерине ийгилик каалоо – бул Исламга каршы күрөшкө ийгилик каалоо. Мындан Аллах сактасын.

2 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here