Кытай Россия менен чектеш аймакка континенттер аралык баллистикалык ракеталарын жайгаштырды

328
0

Кытай Россия менен чектеш аймакка континенттер аралык баллистикалык ракеталарын жайгаштырды

“GlobalTimes” гезитине кабарына таянсак, Кытай Россия менен чектеш жайгашкан Хэйлунцзян провинциясына өзү иштеп чыккан DF-41 континенттер аралык баллистикалык ракеталарды жайгаштырды. Бул жаӊы ракеталык комплекстердин сүрөтү интернетте пайда болгон.

Гезит: “Кабарларга ылайык, бул сүрөттөр Хэйлунцзян провинциясында тартылган. Аскерий эксперттер бул DF-41 стратегиялык ракета бригадасы болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат”, – деп кабарлады.

Бир катар ЖМКлар бул сүрөттөрдүн жарыя кылынышы Дональд Трамптын инаугурациядагы сөздөрүнө байланыштуу экендигин жазышкан.

“GlobalTimes” гезитинин билдиришинче: “Алардын пикири боюнча, бул нерсе Трамптын Кытай жөнүндөгү билдирүүлөрүнө Пекиндин жообу болушу мүмкүн”.

“Кытайдын ядролук кубаты ушунчалык күчтүү болушу керек, анткени муну менен, дүйнөдөгү кайсы мамлекет болбосун аны менен кагышуудан коркуп турушу керек”, – деп кошумчалады гезит.

О.э.:“Кытайдын DF-41 бар болгон кездеги образы тышкы дүйнөгө өзгөчө көрүнөт. DF-41дин милдети да ушул”, – деп баса бегиледи.

“Ал (ракета комплекси) Кытай коркутуу теориясы” пайда болушуна алып барбайт. Ал болгону Кытай армиясынын таасирин гана күчөтөт”, – деп тыянак жыйынтыктады GlobalTimes.

Тастыкталган кабарларга таянсак, DF-41дин 14 миӊ километр аралыкка уча алат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here