Астана жолугушуусуна даярдык көрүлүүдө
Казакстандын борбору Астана шаарында уюштурула турган Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн негиздерин белгилөө үчүн Түркия, Россия жана Ирандын жооптуулары Москвада жолугушту. Бул тууралуу Түркия тышкы иштер министрлиги берген билдирүүдө айтылды. Билдирүүдө келишинче, жыйында Түркия, Россия жана Ирандын расмийлери Сирияда туруктуулукту пайда кылуу, келишим жараянын сактап калуу, БУУнун тизмесине киргизилген “террорчу” топторго каршы күрөштү улантуу жана Сирияда илманий өкмөттү бийликке алып келүүнү активдештирүү туурасында келишип алышкан.
БУУнун Сирия маселелери боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура БУУ Астанада болуп өтүүчү Сирия жолугушуусун колдой тургандыгын билдирди. Мистуранын билдиришинче, Россия жана Түркия бийликтери Сирия маселесинде туура багыт менен бара жатат.
“Россия жана Түркия башчылыгындагы Иран жана башка тараптар түрдүү абалдарга карабастан илгерилеп барууда. Бул туура багыт. БУУ мындан үзгүлтүксүз кабардар болуп турат жана биз жардам берүүгө даярбыз. Астанадагы жолугушуу ийгиликтүү өтөт жана Женевада уюштурулуучу жыйынга жол ачат деп үмүттөнөмүн”, – деди Мистура.
Жолугушууда Россия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов, Россия тышкы иштер министрлигиндеги Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка маселелери боюнча департаменттин жетекчиси Сергей Вершинин, Иран тышкы иштер министринин жардамчысы Хусайн Жабари жана Түркия тышкы иштер министринин кеӊешчиси Садат Онал катышат.
АКШ админстрациясы болсо Астана жолугушуусуна чакырылбагандыгын билдирүүдө. АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Марк Тонер күнүмдүк маалымат жыйынында “билишимче, жолугушууга расмий түрдө чакырылбадык” деди. Бирок, “Вашинтон пост” гезити тараткан кабарда, Астана жолугушуусуна чакыруу катын Россиянын Вашингтондогу элчиси Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеӊешчиси Майкл Флиннге жеткирген.
Түркия болсо Астана жолугушуусуна АКШ катышуусу керектигин баса белгилеп келет. Президенттин маалымат катчысы Иброхим Калин акыркы билдирүүсүндө АКШ жолугушууга катыша тургандыгын кабарлады.