Покровка абагында да ачкачылык акциясы башталды
Чүй облусунда жайгашкан №27 жана №47-абактардагы мазлум боордошторубуз баштаган ачкачылык акциясына 10 күндөн ашып калса да расмий бийлик, мамлекеттик эмес укук коргоочу уюмдар, ал тургай, омбудсмен да көӊүл бурбастан, алар боордошторубуздун талаптарын абактын жетекчилигине таштап коюшууда.
Ушунча күндөн бери ачкачылыкты улантып жаткан боордошторубуз алсырап, эси ооп кала турган абалга келишкен болсо да расмий бийлик, Башкы прокуратура, Жазык аткаруу башкармалыгы (ЖАМК) буга көӊүл бурбай жатат. Абактын жетекчилиги өз мүмкүнчүлүгүнөн келип чыгып боордошторубуздун айрым талаптарын аткарган болсо да, а бирок, алардын негизги талабы – жаза өтөө түрүн мыйзамсыз жол менен өзгөртүү маселеси жоопсуз калууда. Боордошторубуз сөзүнө бекем туруп, койгон талаптар толук аткарылмайынча ачкачылыкты уланта тургандыгын билдирип жатышат.
№27 жана №47-абактагы мазлум мусулмандар баштаган ачкачылык акциясына улай Покровкадагы №3-абактагы мазлум мусулмандар да ачкачылык жарыялашты. Бүгүнкү күндө №3-абактагы 13 мусулман акы-укуктары тебеленишине нааразылык катары ачкачылык акциясын баштаган.
Абакта мазлум мусулмандар баштаган ачкачылык акциясынан маалымат каражаттары аркылуу кабардар болгон боордошторубуздун жакындары алардын тагдырынан тынчсызданып, арызын кимге айтууну билбей турушат. Алардын буга чейин бир катар расмий мекемелерге кайрылуулары этибарсыз калып келген. Ошондуктан, алар жакындарынын тагдырына кайдыгер карап келе жаткан бийликке каршы нааразылык акциясын баштоого киришишти. Айрым калыс мусулман боордошторубуз абактардагы мазлумдарды социалдык тармактарда, айрыкча Фейсбук аркылуу колдоп-кубаттоо акциясын баштап жиберишти.
Бүгүн Кыргызстан бийлиги өз кожоюндарын ыраазы кылуу үмүтүндө Ислам динине каршы күрөштү күчөтүү жолундагы кезектеги кадамын таштады. Эгерде биз бийликтин бул ишине унчукпай тура берсек, анда Кыргызстан бийлиги да кудум Өзбекстан канкору уюштурган “барса – келбес” деген ат менен белгилүү болгон Жаслик сыяктуу өзүнчө абак куруп, диний айып менен камалган туткундарга зулум өткөрүү, керек болсо, аларды жок кылуу жолуна өтөт.
Унутпашыбыз керек, биз бийликтин мусулмандарга зулум өткөрүүсүнө сүкүт сактаганбыз үчүн жоопкербиз. Бул зулумдардын алдын алууга кайдыгер болгонубуз үчүн, залимдин абактарында азапталган, бул азаптар себептүү өмүрү менен кош айтышкан боордошторубуз үчүн Кыямат күнү Аллахтын алдында жооп беребиз.
Ибн Умар розияллоху анхудан риваят кылынган хадисте пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам: “Мусулман – мусулмандын боордошу. Ага зулум да кылбайт, аны таштап да койбойт. Кимде-ким боордошунун кажетин чыгаруу жолунда болсо, Алла анын кажетин чыгаруу жолунда болот, кимде-ким бир мусулмандын капалыгын таркатып жиберсе, Алла кыямат күнүндө анын бир капалыгын таркатып жиберет, кимде-ким бир мусулмандын айыбын жапса, Алла кыямат күнүндө анын бир айыбын жабат”, – деген. (Муттафакун алайх).
Туркистон