Кыргызстандын карызы 4 млрд доллардан ашты

366
0

Кыргызстандын карызы 4 млрд доллардан ашты

Азаттык радиосу Каржы министрлигинин отчётуна таянып кабар беришинче, Кыргызстандын карызы 4,75 млрд долларга жеткен.

Кабарда: “Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө тышкы карыз 3 миллиард 765,98 млн долларды, ал эми ички карыз 309,5 млн долларды түзөт”, – деп айтылат.

Каржы министрлиги билдиришинче, республиканын мамлекеттик карыздары белгиленген мөөнөттө төлөнүп жатат.

Каржы министрлигинин отчётунда: “2016-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 20,75 млрд сом (299 млн доллар) жумшалды. Бул 2015-жылга караганда 44 пайызга көп”,- деп айтылган.

Кыргызстан карызынын негизги бөлүгүн чет өлкөлүк кредиттер түзөт. Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдан алынган – 1 миллиард 336 миллион доллар. Андан кийинки 1 миллиард 110 миллион доллар карыз Дүйнөлүк банкка тиешелүү. Кыргызстандын Азия өнүктүрүү банкына карызы 1 миллард доллар. Эл аралык валюта фондунан 500 миллион, Россиядан 500 миллион доллар карыз алган. Булардан тышкары, Түркия, Европа жана Араб өлкөлөрүнөн алынган карыздар да бар. Карыздардын негизги бөлүгү жолдорду курууга жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө жумшалган.

Каржы министрлигинин билдиришинче, мамлекеттик карыз “уруксат берилген лимиттин” чегинен ашкан жок. Республикадагы мыйзамга ылайык, мамлекеттин тышкы карызы ИДПнын 60 пайызынан ашпоосу керек.

Туркистон:

Эмне үчүн Кыргызстан экономикасы карызга батып бара берет? Бул абал анын ички башкаруу системасына байланыштуубу?

Жок, Кыргызстандын экономикалык жактан начарлап бара бериши, негизи эл аралык башкаруу системасы тарабынан атайылап пайда кылынат. Бул жараянда Кыргызстандагы саясий чөйрөнүн ролу коррупцияга батып калгандыгында. Ушул коррупциялашкан схема да тышкы колонизатор мамлекеттер тарабынан өнүктүрүлөт. Аларга Кыргызстан карызга батып калышы үчүн, ушул карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө пикирлей турган коррупционерлер керек. Эл аралык саясаттын өкүлдөрү дал ушундай коррупционер саясий топтон пайдаланат. Себеби, бул топ мамлекетке карыз алып жатканда, оор же жеңил өнөржайды өнүктүрүү үчүн, жок эле дегенде сатып жок кылып жиберишкен ири ишканаларды кайрадан ишке берүү үчүн бир жолу да карыз сураган эмес.

Дүйнөлүк система т.а. эл аралык саясат дүйнөнү 3кө бөлдү. 1- Экономикалык жактан өнүккөн жетекчи мамлекеттер. 2-Экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттер. 3- Агрардык (сырьёго негизделген) мамлекеттер.

1.Экономикалык өнүккөн жана жетекчи мамлекеттер. Алардын оор өнөржайы өнүккөн т.а. жеңил өнөржайы үчүн өзүнүн оор өнөржайы аркылуу толук шарт түзүп бере алат. Алар транспорттун бардык түрлөрүн, станокторду жана курал-жарак чыгарууда эч кимге көз каранды эмес.

  1. Экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттер. Булар да оор жана жеңил өнөржайларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон мамлекеттер. Булардын жетекчи мамлекеттен айырмасы, өз ыктыяры менен башка мамлекетти колония кыла алышпайт жана өзү курал-жарак иштеп чыгаруу ыктыярына ээ эмес.
  2. Агрардык мамлекеттер. Бул мамлекеттер иштеп чыгаруунун эки тармагына теӊ катышпайт. Ага жеңил жана оор өнөржайды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү берилген эмес. Бул мамлекеттер жогорудагы өнүккөн мамлекеттерди сырьё менен камсыздап турушат. Эгерде, өздөрүндөгү сырьёны өздөрү кайрадан иштетүүгө аракет кылышса, эл аралык уюмдар аларга басым өткөрүшөт.

Кыргызстан агрардык мамлекет. Ошондуктан, 4 миллиард доллар карыз алып, аны пайдасыз иштерге жумшап жиберди. Жол курууга жумшадык деген билдирүүлөрдү берип актанып жатышат. Жолдорду оӊдоо, тойлорду өткөрүп элдин миллиондогон акчасын чачып жиберүү 4 миллиард карызы бар мамлекеттин иши эмес. Түпкүлүгүндө, Кыргызстан сыяктуу карызга батып калган мамлекеттин саясатчылары мындай абалдан чыгуунун оптималдуу жолдорун издеши керек эле. Ал тургай, мамлекетти көрктөндүрүү үчүн жумшалган чыгымдарды кыскартып, өзүнөн чыгып жаткан бардык сырьёлорду кайрадан иштетүүгө кеткен каражатты көбөйтүшү керек эле. Ал үчүн жок эле дегенде, өзүнөн чыгып жаткан энергия ресурстарына, жарандар пайда кылып жаткан иштеп чыгаруучу ишканаларга кеӊири мүмкүнчүлүк жана артыкчылыктарды бериши керек.  Ошондо гана биздин бир сомго сатылып жаткан энергетикалык же башка сырьёлорубуз бир нече эсе көп пайда алып келмек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here