Атмабаев иш сапары менен Кытайга кетти

338
0

Атмабаев иш сапары менен Кытайга кетти

 Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты  бөлүмүнүн билдиришинче, президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Кытайга учуп кетти. Сапардын алкагында Атамбаев Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин мындан ары өнүктүрүүнү о.э. эки тарапты кызыктырган эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулашат.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов Кытайга сапарында президентти журналисттер коштоп жүрбөстүгүн билдирди.

Анын айтымында, делегация курамына журналисттерди кошпостук тууралуу чечим кабыл алынган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Кытайга боло турган сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Иран темир жол долбоорун ишке ашыруу маселесин көтөрө тургандыгын билдирген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here