Казакстандын БУУдагы миссиясы расмий түрдө башталды
Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги убактылуу мүчө катары ишин баштады. Анын Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу болбогон т.а. 2017-2018-жылдар аралыгындагы мүчөлүк жараяны 1-январдан расмий түрдө башталды.
Казакстан Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү берген билдирүүдө келишинче, БУУнун Нью-Йоркто жайгашкан башкы штабынын негизги залында Казакстандын байрагы көтөрүлгөн жана жыйындар залындагы сүйлөшүү столуна о.э. кеӊешүүчү бөлмөлөрдүн эшиктерине жаңы мүчө болгон мамлекеттердин аты жазылган. Казакстан Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Ануар Жайнаков БУУнун 3-январдагы биринчи жыйынына Казакстандын атынан Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орунбасары Садыков Барлыбай катыша тургандыгын билдирди.
Казакстан БУУ Коопсуздук Кеңешине Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан эӊ алгачкы мүчө болду. 193 мамлекеттин 138и Казакстанды колдоп добуш бергендиктен, 2016-жыл, 28-июнда БУУнун Башкы Ассамблеясы Казакстанды 2017-2018-жылдар үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги убактылуу мүчө кылып шайлаган.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев шайлоодон кийин сүйлөгөн сөзүндө эл аралык мамилелерде кыйын доор башталгандыгына басым жасап, Казакстан кийинки доордо бул кыйынчылыктарды жеӊип өтүү үчүн болгон күчүн жумшай тургандыгын билдирген.
Назарбаев: “Көп убакыттан бери уланып жаткан карама-каршылыктарга о.э. болуп көрбөгөндөй жаңы коркунучтарга дуушар болуп турабыз. Глобалдык проблемаларды жөнгө салуу жана дүйнөнүн коопсуздугу үчүн чечимдерди издөөгө биз да салым кошобуз деген үмүттөбүз”, – деди.
О.э. 2015-жылы Казакстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 70-сессиясында негизги тема катары талкууланган “терроризмге каршы күрөшүү” демилгесин колдоп-кубаттоо үчүн аракет кыларын баса белгиледи. Казакстанда учурда суу, энергия жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу маселелер бар экендигине ишара кылган Назарбаев, жаңы чараларды көрө башташын да кошумчалады.