بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроого жооп
Түркиядагы жардыруулар артында эмне турат?
Суроо: 2016-жылы 17-декабрда дагы бир жардыруу жүз берди… «түрк куралдуу күчтөрү билдирүүсүнө ылайык, ишенби күнү Түркия борборундагы Кайсери аймагынын Эржиес университетинин жанында жардыргыч заттар толтурулган автомашинаны жардыруу акыбетинде 13 аскер өлүп, 48 жайкын жаран жараланды…». (Си-Эн-Эн арабийя сайты, 2016 жыл, 17-декабрь). Өткөн ишенби түнү да, 2016-жыл 10-декабрда, Истамбул борборундагы Бешикташ клубунун стадиону жанында эки жардыруу болуп, 38 киши (алардын 30у полициячы) өлгөн эле. Кийин өлгөндөрдүн саны 44 кишиге жетти. «Күрдистан азаттык ылаачындары» уюму бул эки жардыруу жоопкерчилигин өз мойнуна алганын жарыя кылды. Азыркы жардыруу артында да ушул уюм турабы? Бу уюмдун сахна артындагы кандай жашыруун жактары бар? Бу жардыруулар артында кандай себебдер бар? Аллах сизди жакшылыктар менен сыйласын.
Жооб:
- 2016-жылы 10-декабрда Истамбулдагы жардыруу тууралуу айта турган болсок, аны «Күрдистан азаттык ылаачындары» уюму өз мойнуна алды. Муну уюм өз жарыясында билдирди:
- “Күрдистан Жумушчулар партиясынан” бөлүнүп чыккан “Күрдистан азаттык ылаачындары” жамааты жекшенби күнү Истамбул шаарындагы стадион сыртында жүз берген эки жардыруу жоопкерчилигин өз мойнуна алганын жарыя кылды. Мына ушу эки жардыруу акыбетинде 38 киши өлүп, 155 киши жараланды… жамаат өзүнүн электрондук сайтында быйыл Түркияда болгон башка жардыруулар жоопкерчилигин да өз мойнуна алышын, ишенби түнү жүз берген эки чабуулду да ал амалга ашырганын билдирди… Бу эки чабуул – ишке ашпай калган төңкөрүшкө урунуудан жана жыл башынан бери жүз берген бир нече жардыруулардан өзүнө келе албай жаткан бу мамлекетте тынчсыздык абалын пайда кылды… Ишенби күнкү чабуулдар Бешикташ футбол командасынын Вадафан стадиону жанында, футбол оюну бүткөндөн эки саат кийин жүз берди. Бу чабуулдарда полициячылар бутага алынганы көрүнүп турат…». (Анкара-Рейтер, 2016-жыл 12-ноябрь). Кийинчерээк курбандыктар саны артты: «Ишенби түнү Истамбулда жүз берген эки жардырууда курбан болгондор саны 44кө жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди жана түрк маалымат каражаттары хабар таркатты. Саламаттыкты сактоо министри Режеб Акдаг Анкарада парламент алдында мындай деди: «Бир кандуу чабуулда полициябыздан 36 кишини жана сегиз жараныбызды жоготконубуз абдан кайгылуу»… (Лондон: «Шаркул Авсат онлайн» – 2016-жыл 12-декабрь).
- 2016-жылы 17-декабрдагы жардырууну болсо эч кайсы тарап өз мойнуна албады. Лекин, түрк расмийлери өздөрүнүн баянаттарында “бүгүнкү жардыруу өткөн ишенбидеги, 2016-жыл 10-декабрдагы жардырууга окшойт” деп билдиришти: «Түркия вице-премьер-министри Нуъман Куртулмуш: “мамлекет борборундагы Кайсериде сакчылыктан кайтып келе жаткан аскерлер түшкөн автобуска миналанган автомашина менен кылынган чабуулда колдонулган жардыргыч заттар өткөн аптадагы Истамбулдагы эки жардырууда колдонулган жардыргыч заттарга окшош” деди. Куртулмуш муну NTV телеканалы менен болгон маегинде билдирди. 13 киши өлүп, 55 киши жараланган бу чабуул жоопкерчилигин эч кайсы тарап өз мойнуна албады…». (Арабийя нет, 2016-жыл 17-декабрь). «Өз кезегинде түрк президенти Режеб Таййиб Эрдоган “Күрдистан Жумушчулар партиясы бу чабуулдан жоопкер” деди. Эрдоган бир баянатта «жикчил террористтик уюм» бу чабуулдан жоопкер» деп айтканда, мындай чабуулдар Ирак жана Суриядагы окуялар өнүгүшүнө байланыштуулугун көрсөтүп өттү. Түрк президенти « жикчил террористтик уюм» сөзүн бир нече жолу колдонуп, муну менен Күрдистан Жумушчулар партиясына ишара кылды. Белгилүү болгондой, бу партияны Кошмо Штаттар, Европа Союзу жана Түркия террорчу уюмдар тизмесине киргизген…». (Арабийя нет, 2016-жыл 17-декабрь).
Ушуларга ылайык, демек, 2016-жыл 17-декабрдагы жардырууну амалга ашырган тарап 2016-жыл 10-декабрдагы эки жардырууну амалга ашыргандын өзү экендиги, ал «ТАК» деп аталган «Күрдистан азаттык ылаачындары» уюму экендиги ыхтымалы күчтүү.
- Эми бул уюмдун жашыруун жактары жана вакиъсине келсек, муну Күрдистан Жумушчулар партиясындагы – анын негиздөөчүсү Өжалан камакка алынгандан кийинки – өзгөрүү жараяндарын баян кылган соң айтабыз:
а) Өжалан 1999-жылы Кения борбору Найробиде камакка алынгандан кийин, Күрд Коомдук Союзу жетекчилигинин алтылык комиссиясы түзүлдү. Бул уюм Күрдистандын калган бөлүктөрүндөгү күрд партияларына салыштырмалуу абдан татаал түзүлүшү менен айырмаланып турат. Себеби, бу уюм төрт ири партиядан турат, ал партиялардын сабында көптөгөн жаштар, студенттер, аялдар уюмдары, социалдык уюмдар, коммуналдык кызмат жана коопсуздук комитеттери бар… Бул партиялар: Түркиядагы Күрдистан Жумушчулар партиясы (PKK), Суриядагы Демократиялык Союз партиясы (PYD), Ирактагы Демократиялык чечим партиясы (PÇDK), Ирандагы Азат жашоо үчүн партиясы (PJAK). Бу партиялардын ар биринин өз жетекчилиги жана структурасы бар. Лекин, бу партиялар Күрд Коомдук Союузунун курамына кирет. Бу уюмга 1999-жылдан бери Мурат Карайылан башчылык кылып келет.
б) Күрдистан Жумушчулар партиясында Мурат Карайылан башчылыгы доорунда Түркияга карата өз позициясын жумшартуу болду. Себеби, Абдуллах Өжалан 1999-жылы колго түшкөндөн бери Күрдистан Жумушчулар партиясынын максаддары кыскарып, Күрдистандын толук эгемендүү болушун талаб кылуудан социалдык акы-укуктарга ээ болуу; жана күрддөр менен түрктөргө гана тиешелүү болгон автономиялуу башкаруунун бир формасын талаб кылуу даражасына түштү. Бу Америка планы боюнча, түрк өкмөтү менен Өжалан ортосунда түзүлгөн келишимдерден кийин жүз берди. Ошондон кийин Күрдистан Жумушчулар партиясы менен түрк өкмөтү ортосунда тынчтык өкүм сүрдү.
в) Күрдистан Жумушчулар партиясы менен түрк өкмөтү ортосундагы алака Мурат Карайылан доорунда бир кыйла жумшактык жана тынчтык менен уланды. Бу түрк өкмөтү менен күрддөр ортосундагы абалды жумшартуу боюнча Америка сызып берген план боюнча ишке ашты. Америка планынан кийин, эки тараф ортосундагы жумшартуу иштери бири-бирине уланып кетти. Айрыкча, 2012-жылдын акырларынан тартып ушундай болду:
- 2012-жыл 16-декабрь: Түрк разведка башчысы Хакан Фидан Имрали аралына барып, Абдуллах Өжалан менен жолугушту.
- 2012-жыл 9-декабрь: Режеб Таййиб Эрдоган өкмөткө караштуу TRT каналында Өжалан менен учурашуулар өткөзүлгөнүн билдирди.
- 2013-жыл 21-март: Абдуллах Өжаландын кайрылуусу наврузду белгилөөгө топтолгон калк алдында окуп берилди. Кайрылууда Өжалан курал-жаракты таштап, саясий күрөш баштоого чакырган. Өжалан мындай деген: «Курал-жаракты таштоо жана куралдуу топ мүчөлөрүнүн Түркия жерлеринен чыгып кетүү кези келди. Бул күрөш бүттү дегенди түшүндүрбөйт, балким, башка түрдөгү күрөш башталганын түшүндүрөт».
- Кошмо Штаттар Күрдистан Жумушчулар партиясынын жетекчиси Абдуллах Өжаландын партияга тиешелүү козголоңчуларды «куралды таштоого» чакырып кылган кайрылуусун алкыштады. Кошмо Штаттар бу чакырыкты «оң кадам» деп баалады. Түрк өкмөтү да бу чакырыкты алкыштады. Бирок, бу чакырык түрк улутчулдарынын нааразылыгын козгоду… Америка тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Виктория Нуланд «Өжаландын ок атууну токтотушун жарыя кылышы Түркияда 30 жылдан ашык убактан бери болуп келе жаткан зомбулукту жоюуда жардам бериши мүмкүн» деди. Нуланд кошумчалап «Кошмо Штаттар да тынч жол менен чечимге жетишүү үчүн түрк өкмөтү жана кызыкдар тараптар сарптаган күч-кайраттарды алкыштайт, тынч жол менен боло турган чечим Түркияда демократияны бекемдейт» деди…». (Ал-Жазира нет, 2013-жыл 22-март).
- 2013-жыл 4-апрель: 63 кишиден турган судъялар комиссиясы түзүлдү. Комиссия мүчөлөрү күрд маселесин өз ара келишип чечүү боюнча диалог өткөрүү үчүн Түркиянын түрдүү жактарын айланып чыгууга киришишти.
- 2013-жыл 25-апрель: Кандил тоосундагы жетекчилердин бири Мурат Карайылан жүздөгөн журналисттер алдында уюм 2013-жылдын 8-майынан тартып Түркия жерлеринен чыгып кетүү амалиятын баштарын билдирди.
г) Бу тынчтык жана жумшак позиция Мурат Карайылан башчылыгы доорунда болуп турду. Кийин Күрдистан Жумушчулар партиясынын тогузунчу конференциясында Мураттын ордуна Жамил Байик шайланды. Мына ошондон тартып иштер катуулукка карай кете баштады: «июнь жана август айларында Кандилде Күрдистан Жумушчулар партиясынын тогузунчу конференциясы болуп өттү. Анда 162 мүчө катышты. Конференцияда партия жетекчилиги курамында өзгөрүүлөр жүз берди. Байик Карайыландын ордун ээледи. Ал ашыкча үч добуш алып, Карайыланды артта калтырды…». (Күрдистан демократиялык партиясы сайты, 2013-жыл 6-ноябрь).
Комиссия жетекчилигине жетип барган өзгөрүү айрым күрд жана түрк чөйрөлөрү назарында мурунку баскычка каршы бир саясий ынкылаб жасады. Комиссия жетекчилиги бүтүндөй жаңыдан шайланды. Ал алты кишиден (3 эркек, 3 аял) турду. Ага таанымал жетекчи Жамил Байик төрага болду. Партия жетекчилигинде жүз берген өзгөрүү партия стратегиясында бир жаңы бурулуш жасады. Кийинки окуялар мына ушул саясатка далалат кылып турат:
- 2013-жыл 5-июль: Күрдистан Жумушчулар партиясынын Кандил тоосундагы аскерий жетекчилеринин бири Жамил Байик жана аны менен бирге Бесе Хозат Күрд Коомдук Союзунун (КСК) жетекчилигине шайланды.
- 2013-жыл 31-июль: Жамил Байик Би-Би-Сиге берген интервьюсунда, “уюм – эгер түрк өкмөтү келерки жылдын июлуна чейин сезилерлик кадамдарды таштабаса – чыгып кетүү амалиятын токтоторун айтты. Ушуну менен гана чектелбей, уюмдун чыгып кеткен мүчөлөрүнүн түрк жерлерине кайрадан кайтышы мазмунундагы эскертүүнү да жолдоду.
- 2013-жыл 19-август: Жамил Байик улуттук жарашуу бузулса Түркия ичиндеги коопсуздук абалы мурункудан да жаман болорун билдирди.
- 2013-жыл 9-сентябрь: Күрдистан Коомдук Союзу (КСК) Күрдистан Жумушчулар партиясы уюму мүчөлөрүнүн түрк жерлеринен чыгып кетиши бүтүндөй токтотулганын жарыя кылды.
- 2013-жылы 3-декабрь: Жамил Байик Түркиядагы окуялардын акыркы жараяндары тууралуу кайрылуу менен чыгып, мындай деди: «Эгер абал ушундайча улана берсе, Түркияда согуш чыгары анык. Биз түрк өкмөтүнө мөөнөт берип, келерки жазга чейин талабдарыбызды аткарышын айттык. Түрк өкмөтү бу талабдарды аткарса, проблема жарашуу жолу менен чечилет. Эгер шарттарыбыз кабыл алынбаса, анда түрктөр менен мамилени мындайча улантышыбызга мүмкүнчүлүк калбайт».
- 2014-жыл 20-декабрь: Жамил Байик “куралды таштоо күрддөр үчүн өлүм менен барабар” деди.
- 2015-жыл 12-июнь: Элдик демократиялык партиясынын төрагасы Салахиддин Демирташ Күрдистан Жумушчулар партиясынын жетекчиси Абдуллах Өжаландын чакырыгына ылайык куралдарды ташташы мүмкүндүгүн айтты. Ага Күрдистан Коомдук Союзу минтип раддия билдирди: «Баары төмөнкү акыйкатты аңдап жетиши лазым: түрк мамлекетине каршы куралдуу күрөштү токтотуу маселесин биз гана чечебиз. Бул жаатта эч кимдин рай билдиришке акысы жок. Баары ушуну да билип коюшу керек, Элдик демократиялык партиясы биздин саясий канатыбыз эсептелбейт, арийне, Элдик демократиялык партиясынын жетекчилиги курал ташташыбызды талаб кыла албайт. Биз жетекчибиз Өжаландын бизден азыркыдай шарт-шараиттерде курал ташташыбызды талаб кылышына ишенбейбиз… Биз бардыгына ушуну да билдирип коймокчубуз, биздин куралды таштабоо туурасындагы токтомубуз Өжалан талабдарын четке кагуу эсептелбейт жана биз Элдик демократиялык партиясынын саясий иш алып барышына тосук коймокчу да эмеспиз».
- 2015-жыл 11-июлда Күрдистан Коомдук Союзу (КСК) ок атууну токтотуу тууралуу Түркия менен 2012-жылдан баштап түзүлгөн бүтүм бүткөнүн билдирип, муну «түрк мамлекети аскерий блокпостторду жана позицияларды кургандыгы» менен актады… Бул Күрдистан Коомдук Союзу (КСК) аткаруу кеңешинин ортоктош жетекчилиги чыгарган баянатта билдирилди. Жетекчилик баянатта: түрк мамлекети жарашуу шарттарын бузду – деп билдирди… (ARA NEWS 2016-жыл 12-июль).
- 2015-жыл 14-июлда Күрдистан Коомдук Союзу башчыларынын бири Бесе Хозат «Келерки баскыч Түркияда козголоң көтөрө турган калк амалга ашыра турган согуш баскычы» деген макала жазды. Бу макала «Өзгур Гундем» газетасында басылып чыкты.
д) Жогорудагылардан айкын болгондой, Күрдистан Жумушчулар партиясы Мурат доорунда – бу партия менен түрк өкмөтү ортосундагы жарашууга тиешелүү Америка келишүүсүн аткарууда – Америка планына жакыныраак болгон эле. Ал баскыч эки тарап ортосунда 2013-жылы мартта тынчтык келишимин түзүү менен аяктады. Ошол доордо айрым күрддөр тарабынан билдирилген нааразылык бөлүнүүлөргө жана пикир келишпестиктерге алып келди. Мурат Карайылан доорундагы (1999-2013) тынчтык айрым күрддөрдүн кыжырын келтирди. Себеби, алар муну кайсы бир деңгээлде жеңилүү деп билишер эле. Мына ушундай кырдаалда ТАК деп аталган Күрдистан азаттык ылаачындары уюму 2004-жылы Күрдистан Жумушчулар партиясынан бөлүнүп чыкты. Бу уюмга 1993-жылы Күрдистан Жумушчулар партиясына байланыштуу абалда негиз салынган эле. Азыр болсо бу уюм – өзүнүн билдиришинче – эгемендүү аракет алып барууда. Бу уюмдун структурасы эгемендүү болуп, өздөрүнө эч кимдин алакасы жоктугун айтышууда. Алар өздөрүн структуралык жактан «фидаий күчтөр» деп аташат. Алардын негизги максады түрк армиясынын аскердик инфраструктурасына сокку бериш жана туризм секторун кыйратуу. «Ылаачындардын» (ТАК) 2005-жылдагы биринчи амалияты туристтер түшкөн автобусту бутага алуу болду. Мунун акыбетинде 5 киши өлүп, 20 киши жараланды. 2008-жылдан баштап «ТАК» уюму Түркия сыяктуу эле Кошмо Штаттар тышкы иштер министрлиги тарабынан да террорчу уюм деп жарыяланды жана «чет элдик террорчу уюмдар» тизмесине киргизилди. Европа Союзу да аны террорчу партия деп эсептейт.
е) Тогузунчу конференция шайлоолорунда жүз берген өзгөрүүдөн кийин жана 2013-жылы августта Жамил Байик төрагалыкка келгенден кийин Жумушчулар партиясы англистер планына ыктап, Эрдоган жана анын өкмөтүн жардыруу жана өлтүрүп кетүү амалияттарынан турган иштер менен бутага ала баштады.
Бул «Ылаачындар» амалияттарында даана көрүнөт. Айрыкча, быйыл ушундай болду. Себеби, Күрдистан азаттык ылаачындары уюму түрк коопсуздук күчтөрүнө каршы өз амалияттарын эки эсеге көбөйттү. Өткөн жылдын акырларынан баштап быйыл жыл бою амалияттар абдан күчөдү, акыркы амалият 2016-жылдын 17-декабрында жүз берди. Бул амалияттарга жаркын назар таштасак, төмөнкү ишти анык көрө алабыз:
- 2015-жылы декабрда – Истамбулдагы Сабиха Гөкчен ракеталар менен бутага алынды, бу чабуул бир кызматчы аялдын курбан болушуна алып келди.
- 2016-жылы февралда – Анкарада жардыргыч заттар жайгаштырылган автомашина жарылды, бу чабуул 28 кишинин өлүмүнө алып келди, алардын көпчүлүгү аскерлер.
- 2016-жыл мартта – Анкарада жардыргыч заттар жайгаштырылган автомашина жардырылды, бу чабуул бир кишинин курбан болушуна жана ондогон кишилердин жаракаттанышына алып келди.
- 2016-жыл июнда – Истамбулдагы Везнечилер районунда жардыргыч заттар жайгаштырылган автомашина жардырылышы акыбетинде 11 киши өлдү жана 36 киши жаракаттанды, алардын көпчүлүгү полициячылар.
- 2016-жыл октябрда – Истамбулдагы Ени Боснада мотоцикл жардырылышы акыбетинде 10 киши жараланды.
- 2016-жылы ноябрда – Түркия түштүгүндөгү Аданада бир үйдүн дарбазасы алдында жардыргыч заттар жайгаштырылган автомашина жардырылышы акыбетинде бир нече жайкын жарандар өлдү жана ондогон кишилер жараланды.
- 2016-жыл 10-декабрда – Бешикташта жүз берген кош жардырууда 44 киши өлүп, (алардын көпчүлүгү полициячылар) 200гө жакын киши жараланды.
- 2016-жылы 17-декабрда – «Түркия борборундагы Кайсери аймагынын Эржиес университети жанында жардыргыч заттар жайгаштырылган автомашина жардырылышы акыбетинде 13 аскер өлдү жана 48 киши жараланды, алардын арасында жайкын жарандар да бар. Бу тууралуу түрк куралдуу күчтөрү тарабынан чыгарылган баянатта билдирилди. Коопсуздук булактарына караганда, «жардыргыч заттар жайгаштырылган автомашина Эржиес университетине кире бериштеги, аскерлерди алып бара жаткан автобус жанында жардырылган. Аскерлер дем алыш күнүн өткөрүү үчүн чыгышкан эле». (Си-Эн-Эн арабийя сайты, 2016-жыл 17-декабрь).
ё) Жогоруда айтылган бардык фактыларды үйрөнүп чыгуу менен Күрдистан азаттык ылаачындарынын жашыруун саясий жагы төмөнкүдөй экендиги айкын болот:
Жамил Байик 2014-жылы 20-декабрда «Куралды таштоо күрддөр үчүн өлүм менен барабар» деп билдиргенден кийин, Байик башчылыгындагы Күрдистан Жумушчулар партиясы кырдаалды курчутууга киришти, мындай кескиндик 2015-жылы 12-июлда күчөп кетти. Себеби, Байик башчылыгындагы Күрдистан Коомдук Союзу (КСК) Эрдоган өкмөтү менен түзүлгөн ок атууну токтотуу бүтүмү токтогонун жарыялады. Муну менен бир катарда ылаачындар уюму (ТАК) түрк өкмөтүнүн эң маанилүү кызыкчылыктарына каршы, айрыкча, коопсуздук күчтөрүнө каршы амалияттарды күчөттү, акыры келип 2016-жылы 10- жана 17-декабрь күндөрүндөгү эки амалият жүз берди.
Бул дегени, Ылаачындар уюмунун жашыруун жагы жөнүндөгү күчтүүрөөк ыхтымал – анын азыр Америка малайы Эрдоган өкмөтүнө каршы Европа планына, өзгөчө, Британия планына жакын турган Байик планына дал келүүдө – деген ыхтымал.
ж) Муну Күрдистан Жумушчулар партиясын негиздөөчүлөрдүн бири Жамил Байик айткан сөздөр тасдыктап турат. Ал 2016-жылы 15-мартта, Британиянын «Таймс» гезитине берген интервьюсунда мындай деди: «Биз Эрдоганды о.э. Адилет жана Өнүгүү партиясын кулатууну каалайбыз. Себеби, Эрдоган жана анын партиясы кулатылмайын, бу мамлекетте эч качан демократия болбойт». (Би-Би-Си, 2016-жыл 15-март).
Республикачыл элдик партиясынын төрагасы, англистер малайы Кылычдароглу да түрк соода үйлөрү жана биржалары союзунун 72 конференциясында сөз сүйлөп: «Бу президенттик система эмне өзү? Бир адам сүйлөсө, бүт Түркия унчукпай угат. Бу президенттик системаны бул мамлекетте колдонуу кан төгүүсүз мүмкүн эмес» деди. (www.tna24.com 2016-жыл 13-май).
з) Булардын баарынан анык көрүнүп тургандай, Истамбулдагы акыркы жардыруулар артында англистер турат. Мунун артында турган факторго келсек, ал төмөнкү иштер алкагынан чыкпайт:
- Англичандар малайлары урунган акыркы төнкөрүштү улантып, Түркиядагы Америкага малай режим үчүн туруксуздук абалын жаратуу. Себеби, англистер Түркиядагы бу режимди өзгөртүү оңойго турбашын жакшы билишет. Себеби, Эрдоган Америка үчүн Түркияда күчтүү таянычтарды түзүп койду. Ошондуктан, бу режимди өзгөртүү оңой эмес. Лекин, таасир өткөрүп, тынчсыздык жана туруксуздук келтирип чыгаруу мүмкүн. Туруксуздук кайталана берсе, режим таянычтары алсырайт.
- Бу маселенин бир тарабы, башка тараптан болсо, Түркиядагы парламенттик системага Англия – 1924-жылы Халифалык кулагандан кийин – өз малайы Мустафа Кемел колу менен негиз салган. Бул Түркиядагы парламенттик системанын “чокундурган атасы” Британия экенин түшүндүрөт. Ошондуктан, Эрдоган жана анын артында турган Америка парламенттик системаны президенттик системага өзгөртүп, республика президентине дагы да көбүрөөк ыйгарым укуктар бериш аркылуу бул эшикти биротоло жаап салууну каалоодо. Британия болсо президенттик системаны каалабайт. Мурунураак, Республикачыл элдик партиясынын төрагасы, англистер малайы Кылычдароглу “Бу президенттик системаны бул мамлекетте колдонуу кан төгүүсүз мүмкүн эмес» дегенде, Түркиянын «Сабах» газетасы өзүнүн башкы бетинде «Ал (Кылычдароглу) парламентти, элди жана саясатты акаараттап жатат» деп жазды. Газета муну менен Руспублика элдик партиясынын төрагасы Кылычдароглу «Бу президенттик системаны бул мамлекетте колдонуу кан төгүүсүз мүмкүн эмес» деген сөздөрүнө ишара кылды…». (Түркия пост, 2016-жыл 13-май).
Тыянак: Британия өзүнүн малайлары, анын ичинде Күрдистан азаттык ылаачындары ишке ашырып жаткан өлтүрүү жана жардыруу амалияттары аркылуу бир ок менен эки коён атмакчы болууда: Америкага малай түрк режиминде туруксуздук пайда кылуу жана Эрдогандын парламенттик система ордуна президенттик система киргизишине күч менен каршы туруу. Ал эми, бу амалияттар бир автономия пайда болушуна алып келет деген ойго келсек, бу иштин жакынкы келечекте жүз бериши ыхтымалдан алыс.
- Сөзүмдүн акырында айтарым, мусулмандардын каны Ислам жана Уммат үчүн эмес, колонизатор кафирлер кызыкчылыгы үчүн төгүлүп жатканы кандай гана кайгылуу… Бирок, буга карабастан, бу Уммат эң жакшы уммат. Ал узакка созулган уйкудан кийин, Аллахтын урухсаты менен, албетте бутка турат. Уммат тарыхындагы окуялар мына ушуну айтып турат. Себеби, кресттүүлөр, андан кийин монгол-татарлар бу Умматка каршы согушуп, Халифалык борбору Багдадды уратышкандан кийин, Дажланын тунук сууларын кан жана сыяларга аралашкан кызыл-кочкул түскө айландырышкандан кийин, Ислам Умматы кайрадан бутка турган. Умматтын Кустантинияны (азыркы Истамбулду) фатх кылышын ким күткөн эле? Лекин, Аллахка садык чыныгы эр азаматтар бар. Алар адилетсиздикке көз жумуп уктап жата беришпейт жана зулмга унчукпай туруп беришпейт. Алар иштерди өз орду-ордуна коюшмайынча жана рошид Халифалыкты өз негиздерине кайтарышмайынча күрөшө беришет. Алардын тили мындай деп жатат:
مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا
«Момундар арасында өздөрү Аллахка берген ахд-шерттерине садык болгон кишилер бар. Анан алардан (айрым) кишилер өз шерттерине турушту (шахид болду), алардан (айрым) кишилер болсо (шахид болууга) ынтызар. Алар (Аллахка берген шерттерин) өзгөртүшкөн жок» [Ахзаб 23]
Бул чындык:
إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا
««Албетте, Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү, чынында Аллах бардык нерсе үчүн кадар-өлчөө кылып койгон»» [Талок 3]
21 рабиул-аввал 1438-х.
20-декабрь 2016-м.