Путин: Сирия режими менен оппозиция ортосунда алсыз келишим түзүлдү
Россия президенти Владимир Путин Сирия оппозициясынын өкүлдөрү менен Асад күчтөрү ортосунда келишим түзүлгөндүгүн жарыя кылды. Путиндин билдиришинче, тараптар ортосунда 3 абал боюнча документке кол коюлган.
“Дамаск менен оппозиция ортосунда үч документке кол коюлду. Биринчи документ – Сирияда ок атууну токтотуу туурасында. Экинчи документ – ок атууну токтотуу режимин көзөмөл кылуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жөнүндө. Үчүнчү документ – Сирияда чечим үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо туурасындагы декларация туурасында. Тараптар кол койгон келишимдер Россиянын Түркия жана Иран менен жүргүзгөн аракеттери натыйжасында пайда болду. Албетте, бул келишимдер алсыз. Келишимдерди коргоо жана өнүктүрүү маселелрине өзгөчө көӊүл буруу керек”, – деди Россия президенти.
Путин Россия Асад күчтөрүнө, Түркия болсо оппозициялык күчтөргө кепил болушуна басым жасады.
Бул тууралуу билдирүү берген Эрдоган 30-декабрь саат 00:00дөн баштап күчүнө кириши күтүлүп жаткан келишим Сирия бойлоп ишке ашырыла тургандыгын билдирди. Эрдоган бул келишим боюнча тараптар өз көзөмөлү астындагы аймактарды бири-биринин зыянына кеӊейте албастыгын да кошумчалап: “Урматтуу досум Путин башчылыгындагы келишим жараянын колдоп-кубаттаган бардык тараптарга ыраазылык билдиремин”, – деди.
“Албетте, бул келишим БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан террорчу уюм деп эсептелген топторду өз ичине албайт”, – деп кошумчалады Эрдоган.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнөн Мамдух Фараж бул жараянга комментарий берип, Халаб (Алеппо) Асаддын колуна өтүшү үчүн түзүлгөн планга жана бул пландын бүтүндөй Сирия бойлоп колдонулушунда Түркия бийлигинин кыянатына токтолду.
“Сирия ынкылабын алсыратуу жана сындыруу үчүн Америка, Россия жана Иранды колдоп-кубаттаган Түркиянын ролу ашкере болду. Эрдоган өкмөтү өзүнүн кыянатын жашырбай калды. Акыйкатта болсо, буга чейин ал өзүнүн кыянаттарын Исламий ураандар жана мекенчилдик чүмбөтү менен жашырып келген эле.
Түркиянын ролу Халаб жараянын режимдин пайдасына айландырды жана натыйжада өтө чоӊ кырсык жүз берди. Халаб окуялары ынкылап башталгандан бүгүнкү күнгө чейин жүз берген окуялардын табигый натыйжасы болуп эсептелет. Кээ бир оппозиция өкүлдөрү кыянатчы Түркиянын ынкылап тарапкери экендигине ишенип, аны менен алака орноткон эле. Бирок, Түркия учурду аӊдып туруп, аларды жарга түртүп жиберди”, – деди Доктор Мамдух.
“А бирок, Сирия ынкылабынын бүгүнкү абалы жаӊы башталган күнгө караганда бир топ алдыга жылды. Бардыгы төмөнкүнү жакшы билип коюшсун, Сирия ынкылабы Халабдан башталган эмес жана Халаб менен аяктабайт. Сириядагы боордошторубуздун жаңы баскычка өтүшү Аллахтын уруксаты менен жеӊиш үчүн коюлган кадамдар болот”, деп кошумчалады Доктор Мамдух.
Чындыгында Путин жана Эрдоган тарабынан кушкабар кылынган ок атууну токтотуу келишими эч канча убакыт өтпөстөн бузула баштады. Акыркы маалыматтарга ылайык, Асад күчтөрү бир нече сааттын ичинде келишимди төрт жолу бузган.
purchase viagra without prescription – order viagra 100mg pills tadalafil for women