АКШ Россияга каршы кезектеги санкцияларды киргизет

315
0

АКШ Россияга каршы кезектеги санкцияларды киргизет

 АКШ президенти Барак Обама админстрациясы “шайлоолорго аралашкан” Россияга каршы санкцияларды киргизүүнү пландаштырууда.

Жаңы санкциялар учурдагы чектөөлөрдү кеңейтүү жана дипломатиялык деӊгээлдеги чараларды колдонууну камтыйт. О.э. CNN телеканалынын кабар беришинче, АКШ бийлиги бир нече “жашыруун” чараларды да колдонот.

“Божомолдорго ылайык, жаңы санкциялар алкагында жалган маалымат таратуу менен алектенген россиялык компанияга байланышы бар бир катар адамдардын аты ачыкталат”, – деп  кабарлады CNN.

Мындан бир аз мурда, америкалык сенатор Линдси Грэм Ригада сүйлөгөн сөзүндө: “Конгресс Россиянын шайлоолорго байланышы бар экендигин текшерет жана эки партия тарабынан тастыкталган жаңы санкциялар Россия жана президент Владимир Путинге катуу сокку болот”, – деген эле (булак, Reuters агенттиги).

Телеканалдын билдиришинче, АКШнын жообу январда Барак Обамага разведка тарабынан сунуштала турган отчётко байланыштуу болбойт. Божомолдор боюнча, бул отчётто “Кытайдын 2008-2012-жылдардагы кибер чабуулдары жөнүндөгү жашыруун разведка маалыматтары о.э. Россиянын атайын кызматтары тарабынан 2016-жылдагы президенттик шайлоо учурунда жалган маалымат таратылышына тиешелүү кабарлар” болот.

Жаңы чаралар АКШ бийлиги талкуулагандан эки айдан кийин киргизилиши мүмкүн.

Эске сала кетсек, АКШ бир нече жолу Россияны шайлоолорго аралашкандыкта айыптаган эле. Барак Обама болсо жылдык маалымат жыйынында Владимир Путинди “аралашууларды токтотууга” чакырганы тууралуу билдирди. Мындай көрүнүш “Демократиялык” партиянын серверлерин бузуп кирүүдөн кийин жүз берген.

Туркистон:

Эл аралык саясатта эки түрдүү жана эки багыт менен күрөш алып барылат.

1) Мабдаий:  Т.а. системалар ортосундагы күрөш. Жетекчи система өкүлдөрү жаңы баш көтөрүп келе жаткан мабдаъга каршы биргеликте күрөшөт. Учурдагы капиталисттик системанын өкүлдөрү ойгонуп келе жаткан Ислам мабдаъсына (система) каршы биргеликте аракет кылып жатышат. Бул күрөш майданында АКШ менен Россия, Европа Союзу кызматташат.

2) Кызыкчылыктар күрөшү: Бул күрөш дүйнөдөгү ар бир мамлекет ортосунда белгилүү бир деӊгээлде алып барылат. Бул күрөш ар бири өзүнүн кызыкчылыгын коргоо негизинде жүрөт. Мисалы АКШ, Россия жана Европа Союзу мамлекеттери менен тынымсыз күрөш абалында. АКШ дүйнөлүк жетекчи абалын сактап туруу максатында аларды ар дайым бирер проблемага дуушар кылып, алардын өзүнө көз карандылыгын бекемдеп алмакчы болот. Өз кезегинде дүйнөдөгү башка мамлекеттер да, ар дайым АКШ жана башка ири мамлекеттердин басымынан кутулуу үчүн колунан келген чараларды издеп жүрүшөт. Бул бир система ичинде жүрүп жаткан табигый күрөш жараяны деп айтсак туура болот.

Жогорудагы АКШнын Россияга болгон мамилеси менен алардын Шам калкына каршы тил бириктириши карама-каршы аракеттерге окшоп көрүнөт. Бирок эки мамиле теӊ белгилүү бир кызыкчылык үстүнө курулган. АКШ Россия менен аскерий жактан кызматташып жаткан учурда Европа мамлекеттеринин кээ бир кызыкчылыктарына зыян жетүүдө. Мисалы, качкындар проблемасы жана коопсуздук маселесинде. АКШ Россиядан аскерий аракеттерде пайдаланып  жаткан болсо, Европадан идеологиялык кубаттын борбору катары пайдаланат.  Булардын экөө теӊ АКШ  үчүн керектүү жана пайдалуу. Ошондуктан, АКШ Россиядан Ислам жана мусулмандарга каршы мабдаий күрөштө пайдаланып жатып, дүйнөгө аны аскерий агрессор катары көрсөтүп жатат. Максаты, Россияны Европаны ээрчүүчү аскерий кубат катары кармап туруу. АКШ Ислам системасына каршы күрөштө Россия менен кызматташып жатып, ошол эле учурда Европа менен биргеликте Россияга экономикалык жактан сокку берип жатат. Себеби, Россия Сирияда аскерий тузакка түшүп калды. Анын ички экономикалык абалы проблемалар сазына батып барууда. Ошондуктан, АКШ Россияга канчалык басым өткөрбөсүн, Путиндин АКШга кызматчы болуудан башка чарасы жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here